KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунда биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрүлдү

13 июля 2026

Баткен облустук сотунун төрагасы Азамат Алдашовдун жетекчилиги алдында Баткен облустук, административдик, райондук жана шаардык соттордун судьяларынын катышуусунда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрүлдү. Анда бекитилген жарым жылдык иш планынын аткарылышы жана соттордун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды.


Кеңешменин жүрүшүндө соттор тарабынан аткарылган иш-чаралар, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапаты, иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө кароо, соттук актылардын сапаты, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, судьялык этиканын талаптарын сактоо жана сот тутумунда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.


Баткен облустук сотунун төрагасы Азамат Алдашов белгиленген иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы сот тутумунун натыйжалуу иштешинде маанилүү орунду ээлей турганын белгилеп, мыйзам талаптарын так сактоо, сот адилеттигин сапаттуу жүзөгө ашыруу, коррупцияга каршы аракеттенүүнү күчөтүү жана жарандардын сот бийлигине болгон ишенимин арттыруу багытындагы иштерди улантуу зарылдыгын белгиледи.


Кеңешменин жыйынтыгында биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштерге баа берилип, иш планындагы иш-чаралардын аткарылышы боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, алдыдагы мезгилге карата негизги милдеттер аныкталды.


Видео-блок

Мен судья: Судьянын эң башкы сапаты – калыстык жана адилеттүүлүк
Аксы райондук соту жогорку көрсөткүчтөргө кантип жетишти? Ийгиликтин сыры эмнеде?
Жаңы электрондук система судьяларды кантип тандайт? Жаңы платформасы тесттен өтүүдө
М. Сатыевдин тапшырмасынын изи менен | Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу сот имараттарынын у...
"Сот системасы бүгүн...". Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы | Жыпар Сабырова менен ...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...