KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрүлдү

08 июля 2026

Баткен облустук сотунун төрагасы Азамат Алдашов мамлекеттик органдардын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү.


Иш-чарага  Административдик сотунун судьясы Бермет Толубаева жана Баткен райондук сотунун судьясы Нуртилек Кимсанов катышты.


Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын негизинде өткөрүлгөн эл менен жолугушуулардын жыйынтыктарын талкуулоого арналды. Анын алкагында калк тарабынан көтөрүлгөн сунуш-пикирлер, кайрылуулар жана көйгөйлүү маселелер жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары менен биргеликте каралып, аларды чечүү боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Иш-чаранын жүрүшүндө Азамат Алдашов жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусу маанилүү экенин белгилеп, калк менен жолугушууларда көтөрүлгөн маселелерди мыйзам чегинде өз убагында карап чыгуу жана укуктук түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгына токтолду.


Жыйындын катышуучулары ортосунда конструктивдүү пикир алмашуу болуп, калк менен болгон жолугушууларда айтылган маселелер, аларды чечүүнүн жолдору жана мындан аркы биргелешкен иш алып баруу багыттары талкууланды.


Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары да күчөтүү, эл менен жолугушууларда көтөрүлгөн маселелерди көзөмөлгө алып, мыйзам талаптарына ылайык чечүү боюнча биргелешкен иштерди улантуу жөнүндө макулдашылды.


Видео-блок

"Сот системасы бүгүн...". Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы | Жыпар Сабырова менен ...
Жалобы на действия судей: как работает механизм? | Ала-Тоо 24
Баткен облусундагы эл менен жолугушууларда сотторго жарандык, жер маселелер боюнча кай...
М. Алиев: “Судьялар мыйзамга гана таянып иштөөгө милдеттүү!”
ЭлТР: Соттордун судьялык кызматына резерв түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...