KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкекте адилеттүү соттук териштирүүнүн стандарттарын чыңдоо маселелери талкууланды

08 июня 2026

Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасында адилеттүү соттук териштирүү укугун бекемдөө боюнча мамлекеттик органдардын, укук коргоо институттарынын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсү» деген темада диалог өттү.


Талкууга сот тутумунун атынан Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Азамат Узакбаев катышты. Иш-чаранын уюштуруучусу катары КР Акыйкатчы (Омбудсмен) институту чыкты. Жолугушуу Жогорку Кеңештин, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбордук Азиядагы башкармалыгынын, Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин өкүлдөрүн, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана адвокаттар коомчулугун бириктирди.


Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар судьялардын көз карандысыздыгына, тараптардын тең атаандаштыгы, соттук ккөзөмөлдүн натыйжалуулугуна, сот адилеттигин санариптештирүүгө, процесске катышуучулардын укуктарынын кепилдиктерин камсыздоого, ошондой эле калктын аялуу катмары үчүн сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүнө тиешелүү маселелерди көтөрүштү.


Азамат Узакбаев «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту адилеттүү соттук териштирүү укугун камсыздоонун кепилдиги катары: сот тутумунун санариптик куралдары» деген темада доклад жасады.


Өз сөзүндө Азамат Узакбаев сот адилеттигин териштирүү укугун камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна өзгөчө рол таандык экенин белгиледи.


«Кыргыз Республикасынын Жогорку соту башкы сот органы катары сот тутумун санариптик трансформациялоонун координатору жана өткөрүүчүсү катары чыгат. Сот тутумуна санариптик чечимдерди киргизүү аркылуу гана адилеттүү соттук териштирүү укугун ишке ашыруунун кошумча кепилдиктери түзүлөт. Кыргыз Республикасында адилеттүү соттук териштирүү кепилдиги санариптик куралдар аркылуу процесстерди автоматташтыруу жана жаңы, заманбап санариптик технологиялык системаларды киргизүү, адамдык факторду четтетүү жана соттордун ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу менен камсыз кылынат.


Бул контекстте иштерди автоматтык бөлүштүрүү (ИАБ) модулу бар «Сот» автоматташтырылган маалыматтык системасында (АМС) соттук процесстерди автоматташтырууга жана санариптик иштерди калыптандырууга; соттук отурумдарды онлайн-трансляциялоого; соттук отурумдарга жактардын аралыктан катышуусуна жана доо арыздар менен документтерди электрондук түрдө берүүгө; соттук отурумдарды аудио-видео фиксациялоого (протоколдоштурууга); мобилдик тиркемелер, төлөм терминалдары аркылуу мамлекеттик алымды онлайн-төлөө сыяктуу электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга; электрондук каналдар (SMS-билдирүүлөр, e-mail электрондук почтасы, мобилдик тиркемелер ж.б.) аркылуу иш боюнча санариптик соттук билдирүүлөргө; ар кандай соттук процесстердин катышуучуларынын санариптик өз ара аракеттенүүсү үчүн бирдиктүү онлайн аянтчаны — «Санарип сот» порталын киргизүүгө (анын ичинде Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүдөгү «Түндүк» системасы аркылуу иштеп жаткан жалпы мамлекеттик маалыматтык системалар жана платформалар менен интеграциялануучу жеке кабинетти ачуу жолу менен); соттордун ишмердүүлүгүн QR-баалоого өзгөчө көңүл бурулду», — деп белгиледи Азамат Узакбаев.


Аткарылган иштердин чоң көлөмү, Жогорку сот тарабынан топтолгон тажрыйба, түзүлгөн техникалык жана технологиялык дарамет, судьялар корпусунун жана «Сот» АМСсинде жана башка санариптик технологиялык системаларда иштеген персоналдын IT-сабаттуулугунун жетиштүү деңгээлде жогорулугу, ошондой эле өлкө жетекчилигинин жана Жогорку соттун өзүнүн сот тутумун андан ары санариптештирүү боюнча күчтүү саясий эрки жакынкы пландарга жарандардын соттук коргоого жеткиликтүүлүгүн жана Кыргыз Республикасында адилеттүү соттук териштирүү укугун жогорулатуучу дүйнөлүк мыкты тажрыйбалардан санариптик опцияларды, чечимдерди иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү кошууга мүмкүндүк берери өзгөчө белгиленди.


Баарлашуунун жыйынтыгы боюнча Акыйкатчы институтунун колдоосу астында адилеттүү соттук териштирүү укугун камсыз кылуу маселелери боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү чечими кабыл алынды. Бул топко Адилеттүү соттук териштирүү укугунун стандарттарын илгерилетүү боюнча стратегиянын долбоорун даярдоо милдети жүктөлөт. Топтун курамына Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин, адвокатуранын, жарандык сектордун (ротациялык негизде) өкүлдөрү жана Акыйкатчы институтунун эксперттери кирет. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК), ИИМдин жана МУККтын өкүлдөрү зарылчылыкка жараша айрым маселелерди талкуулоого тартылып турушат.


Видео-блок

Доклад Н.Бакировой на форуме «Административная юстиция и её роль в обеспечении верховен...
Евразийский конгресс по административному праву создали в Астане
Соттор электрондук билдирүү системасына өттү
Аида Сейдакматова приняла участие в четвертом заседании председателей судебных советов ОТГ
Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...