Бүгүн, 2024-жылдын 25-октябрында, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Жогорку соттун мурдагы төрагасы Жамашев Зулумбек Жамашевдин 100 жылдык мааракеси белгиленди.
Иш-чарага Президенттик Администрациясынын, сот корпусунун өкүлдөрү жана ардагерлери, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер катышышты.
Эскерүү иш чарасында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев Зулумбек Жамашевичтин жетекчилиги астында сот адилеттигин бекемдөө жана укуктук мамлекеттин негиздерин чыңдоо боюнча олуттуу реформалар убагында ишке ашырылгандыгын белгиледи.
“Бул жыл сот системасынын 100 жылдыгы менен коштолуп жаткандыктан, Зулумбек Жамашевичтин мааракеси дагы чоң мааниге ээ болууда. Анткени, Зулумбек Жамашевичтин сот адилеттигине кошкон эмгеги жана жетекчилик иштери өлкөбүздүн сот системасынын тарыхында терең из калтырган. Ал 15 жыл бою Жогорку соттун төрагасы катары соттук реформалардын алдыңкы сабында туруп, мыйзамдуулукту жана адилеттикти камсыздоо жолунда чоң эмгек сиңирген.
Зулумбек Жамашевдин ишмердүүлүгү кыргыз сот системасынын калыптанышына зор таасирин тийгизди десем жаңылышпайм. Анын аткарган иштерин бүгүнкү күнгө чейин урматтоо менен эскеребиз. Сот адилеттигин коргоо жана укуктук коомду калыптандырууда анын салымы унутулбайт. Ал сот адилеттигинин жогорку стандарттарын орнотуп, кийинки муундарга үлгү болчу ишмердигинен өчпөс из калтырды”, — деп белгиледи Нурлан Мусаев.
Келген меймандар Зулумбек Жамашевдин көп жылдык жетекчилиги астында Кыргызстандын сот системасынын негиздери бекемделип, коомчулукта сотко болгон ишеним арткандыгын өзгөчө белгилешти. Ал көптөгөн судьяларды жана юристтерди тарбиялап, аларга өзүнүн тажрыйбасын жана адилеттүүлүккө болгон көз карашын мурастап кеткендигин айтышты.
Анын уул-кыздары ата жолун улаган юристтер, окумуштуу филологдор болушту.
Кызы Жамашева Феруза Зулумбековна район, облус, Жогорку соттун судьясы, андан соң Жогорку соттун төрайымы кызматында иштеп, ата мурасын абийирдүү уланта алгандыгын белгилешти.
Зулумбек Жамашев эмгек жолун Жалал-Абад облусунун азыркы Ноокен району, ал кездеги Ленин районунун прокуратурасынын тергөөчүсү, кийин Ленин райондук сотунун судьясы жана төрагасы болуп баштаган.
Андан соң, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы, Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары, кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болгон.
1974-жылдан 1989-жылга чейин Кыргыз ССРнини Жогорку сотунун төрагасы кызматын аркалаган.
Райондук кеңештерге көп жолу, Ош облусу Кеңешине эки жолу, ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үч жолу депутат, Жогорку Кеңештин Президиумунун мүчөсү, Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү болуп эмгектенген.
Зулумбек Жамашевич совет убагында катуу талап жана тартипте иштеп, кызматтын татаал, оор жоопкерчилигин, иштин ысык-суугун, өйдө -ылдыйын, ачуу-таттуусун жон териси менен сезип, сот кадрларынын маселелерин чечүүдө бычактын мизиндей кылдаттык менен иш алып барган.
Ардактуу эс алуудамын деп жатып албай, Жалал-Абад облустук жаратылыш коргоо коомунун, ошол эле убакта согуштун, эмгектин ардагерлери Кеңешинин, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын облустук бөлүмүнүн төрагасы милдеттерин аркалаган.
Зулумбек Жамашевич “Манас” “Ардак белгиси” ордендери, “Даңк” жана Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин медалдары, КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Ага “КРнын эмгек сиңирген юристи”, “Облустун эл аксакалы”, Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу наамдары ыйгарылган.
Жалал-Абад шаарында өзү жашаган көчөгө жана орто мектепке анын аты берилип, Зулумбек Жамашевичтин республикага, облуска, шаарга сиңирген талыкпас эмгеги бааланган.