KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкекте БУУнун 80 жылдык мааракеси белгиленди

27 октября 2025

2025-жылдын 24-октябрында Бишкек шаарындагы А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Бириккен Улуттар Уюмунун күнү жана уюмдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин, мамлекеттик органдардын, БУУ системасынын өкүлдөрү, ошондой эле жарандык коом жана эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.


Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту өлкөнүн бүтүндөй сот системасынын атынан Бириккен Улуттар Уюмун анын негизделишинин 80 жылдык мааракеси менен чын дилинен куттуктайт!


БУУ дүйнөлүк тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда, мыйзамдын үстөмдүгүн чыңдоодо, адам укуктарын коргоодо жана туруктуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүүдө маанилүү роль ойноп келет. Уюмдун Уставында камтылган баалуулуктар эл аралык кызматташтыктын жана адилеттүүлүктүн бекем негизи бойдон калууда.


Кыргыз Республикасынын сот системасы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен кызматташтыкты жогору баалайт. ПРООН сот системасын чыңдоого, сот өндүрүшүн өркүндөтүүгө жана мыйзамдын үстөмдүгүн илгерилетүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.


Айрыкча сот тутумун өнүктүрүү боюнча жол картасын иштеп чыгууда берилген эксперттик жардам, эки жылдан бери Ысык-Көлдө өткөрүлүп жаткан экологиялык адилеттүүлүк боюнча эл аралык конференцияларды уюштуруудагы колдоо, ошондой эле пробация институтун колдонуу боюнча сотторду окутууга көмөк көрсөтүү өзгөчө бааланат. Бул демилгелер сот адилеттигинин заманбап тажрыйбасын киргизүүгө, укуктук маданиятты жогорулатууга жана жарандардын адилет сотко жетүүсүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө.


Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту мындан ары да өз ара урматтоо жана өнөктөштүк духундагы кызматташтык улантылып, мыйзамдуулукту, адам укуктарын жана адилеттүүлүктү бекемдөөгө салым кошоруна ишеним билдирет.


Видео-блок

Медербек Сатыев: "Сот тутумун санариптештирүү маселелери кечиктирилбеши керек!"
Жеңүүчү. Ош шаардык сотунун "Уңгу жол" боюнча даярдаган тасмасы облустук сынакта 1-орун...
"Кадрларды карап чыккыла! Тааныш-билиш деген болбосун!" М.Сатыев Сот департаментине күт...
“Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужол. Ош облусунун жергиликтүү соттору уюштурган и...
Алдамчыларга ишенип, 100 миң долларлык үйүнөн айрылган жаран туурасында соттук отурум

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...