KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад Сот адилеттик үйүндө кызматкерлер арасында кичи футбол боюнча турнир өткөрүлдү

03 августа 2026

5-август – Сот приставдарынын күнүнө карата Манас шаардык сот приставдар кызматынын демилгеси менен Жалал-Абад Сот адилеттик үйүнүн кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча турнир уюштурулду.


Иш-чаранын ачылыш аземине Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова катышып, бардык катышуучуларды кесиптик майрам менен куттуктады. Ал өз сөзүндө спорт сергек жашоо образын калыптандыруунун, кызматкерлердин ден соолугун чыңдоонун, ошондой эле эмгек жамаатындагы ынтымакты, биримдикти жана өз ара кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүү каражаты экенин белгиледи.


Турнирге жалпысынан 5 команда катышты. Мелдештин жүрүшүндө командалар жогорку даярдыгын, оюн чеберчилигин, командалык духун жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүп, көрүүчүлөргө кызыктуу жана атаандаштыкка бай оюндарды тартуулашты.


Таймаштын жыйынтыгында биринчи орунду Жалал-Абад облустук сотунун командасы жеңип алып, Сот адилеттик үйүнүн өтмө кубогуна ээ болду. Экинчи орун Манас шаардык сотунун командасына ыйгарылса, үчүнчү орунду Сот департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын командасы ээледи.


Жеңүүчү жана байгелүү орундарды ээлеген командалар кубок, диплом, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле мелдештин жүрүшүндө өзгөчө оюн көрсөткөн катышуучулар аныкталып, «Мыкты дарбазачы», «Мыкты коргоочу» жана «Мыкты чабуулчу» номинациялары боюнча грамоталар менен сыйланышты.


Турнирдин жыйынтыгында Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова жеңүүчүлөрдү куттуктап, бардык командаларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Ал мындай спорттук иш-чаралар кызматкерлердин ынтымагын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилеп, кичи футбол боюнча мелдештерди мындан ары да салттуу түрдө өткөрүү пландалып жатканын билдирди.


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...