KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад Сот адилеттик үйүндө кызматкерлер арасында кичи футбол турнири өттү

27 апреля 2026

5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата Сот департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Сот адилеттик үйүнүн кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча турнир уюштурулду.


Иш-чаранын ачылыш аземинде Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова катышуучуларды майрам менен куттуктап, спорт ден соолукту чыңдоонун, ошондой эле эмгек жамаатында ынтымакты жана биримдикти бекемдөөнүн маанилүү куралы экенин белгиледи.


Турнирге жалпысынан 6 команда катышып, оюнчулар жогорку даярдыгын, командалык духун жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү. Таймаш жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, алдыңкы орундарды ээлеген командалар кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.


Биринчи орунду жана Сот адилеттик үйүнүн өтмө кубогун Манас шаардык сотунун командасы жеңип алды. Экинчи орун Жалал-Абад облустук сотунун командасына ыйгарылса, үчүнчү орунга Сот депатраментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын командасы татыктуу болду.


Мындан тышкары, мелдештин жүрүшүндө “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты оюнчу” жана “Мыкты чабуулчу” номинациялары боюнча да өзгөчөлөнгөн катышуучулар аныкталып, грамоталар менен сыйланышты.


Турнирдин жыйынтыгында Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Бекболот Сейталиев жана Сот департаментинин облус боюнча башкармалыгынын башчысы Улук Токтосунов жеңүүчүлөрдү куттуктап, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиришти. Алар мындай спорттук иш-чаралар кызматкерлердин ынтымагын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилеп, кичи футбол боюнча мелдештер мындан ары да туруктуу өткөрүлөрүн билдиришти.


Видео-блок

В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений
Соттордо электрондук билдирүү берүү тутуму ишке киргизилди
Панфилов районунда жаңы сот имаратынын пайдубалына капсула салынды
Кыргызстандын сотторунда электрондук билдирүү системасы ишке кирүүдө
УТРК: Алимент маселеси – бүгүнкү күндүн чындыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...