Ысык-Көл облусунда өткөн эл аралык юридикалык форум укуктук системаны өнүктүрүүгө арналган маанилүү аянтча болду. Иш-чарага сот бийлигинин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, юридикалык коомчулуктун мүчөлөрү жана чет өлкөлүк эксперттер катышып, заманбап укуктук маселелер боюнча кеңири пикир алышты.
Форумдун жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун административдик сотунун төрайымы Зарина Абдыкадырова спикер катары чыгып, «Административдик актыларды талашуунун практикалык логикасы» темасында баяндама жасады.
Баяндамада административдик актыларды сот тартибинде талашуунун практикалык маселелери, административдик сот өндүрүшүндө мыйзамдуулукту камсыздоонун ролу жана соттук практиканын өзгөчөлүктөрү кеңири талданды. Ошондой эле жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоону күчөтүү, административдик сот адилеттигин мындан ары өркүндөтүү боюнча маанилүү сунуштар айтылды.
Форумдун катышуучулары административдик юстицияны өнүктүрүүнүн келечектеги багыттарын, учурдагы укуктук чакырыктарды жана эл аралык тажрыйбаларды талкуулап, өз ара кесиптик тажрыйба алмашууга шарт түзүлгөнүн белгилешти.
Мындай эл аралык деңгээлдеги форумдар сот системасынын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга, укук колдонуу практикасын өркүндөтүүгө, ошондой эле юридикалык коомчулуктун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө олуттуу салым кошот. Мындан тышкары, мындай иш-чаралар укуктук мамлекеттин принциптерин чыңдоого жана жарандардын сот адилеттигине болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт.

