KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунда күч түзүмдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өттү

12 сентября 2025

2025-жылдын 12-сентябрында Ысык-Көл облустук сотунун жыйындар залында облустук соттун төрагасы Нуркалый Асанбаевдин демилгеси менен күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол болуп өттү.


Иш-чарага Ысык-Көл облустук сотунун судьялары, шаардык жана райондук соттордун төрагалары, областтык жана райондук прокуратурасынын прокурорлору, Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле облустук, райондук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын орун басарлары катышты.


Жыйындын жүрүшүндө кылмыш жана укук бузуулар боюнча материалдарды кароо, тергөө өндүрүшүндөгү иштердин сапаты, ошондой эле тергөө материалдарын кароодо, жарандык жана административдик иштер боюнча арыздарды берүүдөгү кээ бир кемчиликтер жана маселелер кеңири талкууланды.


Тегерек столдун негизги максаты — жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү, адилеттүүлүктү камсыз кылууда кызматташтыкты чыңдоо, сотко чейинки өндүрүштөгү көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди жоюу аркылуу иштин сапатын жогорулатуу болуп эсептелет.


Облустук соттун төрагасы Нуркалый Асанбаев өз сөзүндө жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин мыйзамсыз чектөөгө жол бербөө, ошондой эле сотко чейинки өндүрүш иштеринин сапатын жогорулатуу — бул жолугушуунун негизги максаты экенин баса белгиледи.


Иш-чаранын алкагында райондук жана шаардык соттордун төрагалары, прокуратура жана тергөө бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү сотко чейинки өндүрүштө орун алган көйгөйлөрдү ортого салып, кеңири талкуулашты. Прокуратура жана тергөө органдарынын өкүлдөрү өз кезегинде орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча ыкчам аракеттер көрүлөрүн билдиришип, жүргүзүлүп жаткан иштердеги ийгиликтер менен катар,  дагы эле чечүүнү талап кылган маселелер бар экенин айтып өтүштү.


Кеңешменин соңунда Нуркалый Асанбаев катышуучуларга ишинде ийгилик каалап, мындай форматтагы жолугушуулар мындан ары да өткөрүлө турганын белгиледи.


Видео-блок

Калыс сот – элдин тиреги | Ысык-Көл облусу
Жогорку сот менен «Түндүк» санариптик өнүгүү маселесин карашты
Медербек Сатыев Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Автоматизированная информационная система "Суд 3.0": цифровое будущее правосудия
Автоматташтырылган маалыматтык система «Сот 3.0»: сот адилеттигинин санариптик келечеги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...