KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунда мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү чыңдоого арналган бир катар жолугушуулар өттү

06 августа 2026

Ысык-Көл облустук сотунда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл облусундагы аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле жергиликтүү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда бир катар жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү.


Иш-чаралардын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 11-майынан 26-майына чейин калк менен өткөрүлгөн жолугушууларда көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелерди комплекстүү талдоо, алардын келип чыгуу себептерин аныктоо, келечекте мындай көйгөйлөрдүн алдын алуу жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун мындан ары чыңдоо болду.


Жолугушууларга Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы, аталган соттун судьялары, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдер, айыл өкмөттөрдүн башчылары, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын аймактык өкүлдөрү катышышты.


Талкуулардын жүрүшүндө жарандардын кайрылууларында көп кездешкен маселелер, жер жана мүлк мамилелерине байланыштуу соттук талаш-тартыштардын келип чыгуу себептери, социалдык камсыздоо жана эмгек мамилелери жаатындагы укуктук маселелер, мыйзамдарды колдонуудагы практикалык көйгөйлөр, ошондой эле мамлекеттик органдар менен сот органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну өркүндөтүү маселелери кеңири каралды.


Катышуучулар жарандардын кайрылууларына өз убагында жана мыйзам чегинде чара көрүүнүн, соттук талаш-тартыштардын алдын алуунун, мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылуунун жана мамлекеттик органдардын ортосундагы натыйжалуу кызматташууну бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.


Жолугушуулардын жыйынтыгында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана сот органдарынын ортосундагы конструктивдүү кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү, көйгөйлүү маселелердин алдын алуу боюнча биргелешкен иш-чараларды улантуу жана жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоого багытталган аракеттерди күчөтүү боюнча бирдиктүү пикирге келишти.


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...