KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунда өз ара кызматташтыкты чыңдоо боюнча жумушчу жолугушуу өттү

29 июля 2026


Ысык-Көл облустук сотунда жергиликтүү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.





Иш-чаранын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 11-майынан 26-майына чейин калк менен өткөрүлгөн жолугушууларда көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелерди мындан ары болтурбоо, алардын алдын алуу жана мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара кызматташтыкты чыңдоо болду.


Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын социалдык камсыздоо, эмгек мамилелери жана башка укуктук маселелер боюнча кайрылууларына өз убагында жана мыйзам чегинде чара көрүү, соттук талаш-тартыштардын алдын алуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын өз ара маалымат алмашуусун жана кызматташуусун өркүндөтүү маселелери талкууланды.


Иш-чарага Ысык-Көл облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Бермет Мырзаканова, судьялар Сымбат КокшеноваАлайбек КожомкуловНургазы Дыйканов, ошондой эле жергиликтүү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын өкүлдөрү катышышты.


Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо, көйгөйлүү маселелердин алдын алуу жана мамлекеттик органдардын ортосундагы конструктивдүү кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө багытында биргелешип иш алып баруу маанилүү экендигин белгилешти.















Видео-блок

"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?
Номад ТВ: Что изменится в судебной системе Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...