KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кара-Кулжа райондук сотунда сот кызматкерлеринин коомдогу орду жана социалдык жоопкерчилиги боюнча иш-чара өттү

03 июля 2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» идеологиялык программасын ишке ашыруунун алкагында Кара-Кулжа райондук Рыспай Абдыкадыров атындагы маданият үйүндө «Социалдык мамиле» багытына арналган иш-чара өткөрүлдү.


Иш-чарага Кара-Кулжа райондук сотунун төрагасы Сапарбек Жунусов, судья Нургазы Алимкулов жана сот аппаратынын кызматкерлери катышышты.


Жыйындын жүрүшүндө маданият үйүнүн кызматкери Бектур Жаныбек уулу жана райондук китепкананын кызматкери Бекзада Болот кызы баяндама жасап, сот системасынын коомдогу орду, мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы мааниси жана жарандардын укуктарын коргоодогу социалдык мамилеси тууралуу баяндама жасашты.


Белгиленгендей, сот адилеттүүлүктү ишке ашыруу аркылуу мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздап, коомдо укуктук тартипти чыңдоого, жарандардын мамлекетке болгон ишенимин бекемдөөгө жана мыйзамды урматтоо маданиятын калыптандырууга өзгөчө салым кошот. Ошондой эле «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» программасынын максаттарына ылайык, жоопкерчиликтүү, мыйзамды сыйлаган жана мекенчил жарандарды тарбиялоодо сот системасынын ролу маанилүү экени белгиленди.


Иш-чаранын соңунда катышуучулар сот бийлигинин ачык-айкындуулугун камсыздоо, укуктук аң-сезимди жогорулатуу жана коом менен өз ара ишенимди бекемдөө багытындагы иштерди мындан ары да улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.


Видео-блок

Жалобы на действия судей: как работает механизм? | Ала-Тоо 24
Баткен облусундагы эл менен жолугушууларда сотторго жарандык, жер маселелер боюнча кай...
М. Алиев: “Судьялар мыйзамга гана таянып иштөөгө милдеттүү!”
ЭлТР: Соттордун судьялык кызматына резерв түзүлөт
Президент: Элге шылтоо эмес, мыйзамдуу, өз убагында кабыл алынган адилеттүү чечим керек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...