KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Манас шаардык сотунда медиаторлору менен жолугушуу өттү

06 июля 2026

Манас шаардык сот адилеттик үйүндө Манас шаардык сотунун төрагасы Мирлан Байышовдун демилгеси менен Манас шаары боюнча медиаторлордун катышуусунда жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.


Жолугушуунун жүрүшүндө медиация институтунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, соттор менен медиаторлордун өз ара кызматташуусун күчөтүү жана талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу механизмдерин кеңири колдонуу маселелери талкууланды.


Катышуучулар медиациянын жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодогу маанилүү ролуна токтолушуп, сот өндүрүшүнө чейин талаштарды элдештирүү жолу менен чечүүнүн артыкчылыктары боюнча пикир алышты. Ошондой эле медиация институтунун коомдогу ордун бекемдөө, калктын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташууну өркүндөтүү боюнча бир катар сунуштар айтылды.


Манас шаардык сотунун төрагасы Мирлан Байышов медиация талаш-тартыштарды өз ара түшүнүшүү жана макулдашуу жолу менен чечүүгө өбөлгө түзгөн натыйжалуу укуктук механизм экенин белгилеп, сот менен медиаторлордун тыгыз кызматташуусу жарандардын укуктарын коргоонун натыйжалуулугун арттырууга жана соттук жүктөмдү азайтууга оң таасирин тийгизерин билдирди.


Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо маанилүүлүгү белгиленип, төрага бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.


Видео-блок

"Сот системасы бүгүн...". Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы | Жыпар Сабырова менен ...
Жалобы на действия судей: как работает механизм? | Ала-Тоо 24
Баткен облусундагы эл менен жолугушууларда сотторго жарандык, жер маселелер боюнча кай...
М. Алиев: “Судьялар мыйзамга гана таянып иштөөгө милдеттүү!”
ЭлТР: Соттордун судьялык кызматына резерв түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...