KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нарын облустук сотунда Сот кызматкерлеринин күнү белгиленди

03 марта 2025

Бүгүн, 3-мартта, Нарын облустук сотунда Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.


Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров судьяларды жана сот аппаратынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өз сөзүндө сот адилеттигин жүзөгө ашырууда алардын жоопкерчилиги өтө чоң экендигин белгиледи.


Ошондой эле, төрага жетекчилик тарабынан жергиликтүү соттордун материалдык-техникалык базасын жакшыртууга көңүл бурулуп, соттук жыйындар заманбап технологиялар менен камсыздалып, өткөрүлүп жаткандыгын айтты.


Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын облустук сотунун бир катар кызматкерлери сот тутумунун өнүгүүсүнө кошкон салымдары жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн Нарын облустук сотунун Ардак грамоталары  менен сыйланышты.


 


Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Гульзада Турдалиева


Видео-блок

В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений
Соттордо электрондук билдирүү берүү тутуму ишке киргизилди
Панфилов районунда жаңы сот имаратынын пайдубалына капсула салынды
Кыргызстандын сотторунда электрондук билдирүү системасы ишке кирүүдө
УТРК: Алимент маселеси – бүгүнкү күндүн чындыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...