Ош облусунун Административдик сотунда Ош мамлекеттик университетинин финансы-юридика факультетинин 3-курсунун студенттери үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү
Иш чара келечектеги юристтерди сот тутумунун иши жана анын өлкөдөгү сот адилеттигин ишке ашыруудагы максаты тууралуу тааныштыруу багытында уюштурулду.
Студенттерге сот имараты боюнча экскурсия өткөрүлүп, сот корпусунун иши менен бираз болсо дагы таанышуу мыйзамдуулукту камсыз кылууда соттун татаалдыгын кыйла терең түшүнүүгө мүмкүндүк берди.
Ош облусунун административдик сотунун төрагасы Дамир Суйналиев жана судья Жаңыл Жаныбекова кесиптик тажрыйбасы менен ой бөлүшүп, болочок юристтердин суроолоруна жооп беришти.
Белгилей кетсек Ош облусунун жергиликтүү сотторунда, сот органдарынын иши жөнүндө жаштардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында иш-чаралар өткөрүлүп келет.