Бүгүн, , 2024-жылдын 12-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев иш сапарынын жүрүшүндө эртең менен Чаткал райондук сотуна учурдагы абал менен таанышуу максатында келди.
Эмгек жамаат менен кеңешме өткөрүлүп, анда сот адилеттигин ишке ашыруунун сапаты, ар кандай категориядагы иштер боюнча орун алган кемчиликтер талкууланды.
Чаткал райондук сотунун төрагасынын милдетин атаруучу Кеңешбек Казаков актуалдуу көйгөйлөр боюнча кенен баяндап, алардын ичинен турак жай маселеси, имараттын начар жылытуусу, чатырынан суунун агышын айтып берди.
Соттук чечимдердин аткарылышынын төмөн көрсөткүчтөрүнүн себептерин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырылды. Төрага бир жыл мурда алынган автомашиналардан кийин соттук чечимдердин аткарылышы боюнча сапаттуу өзгөртүүлөрдүн жоктугун сынга алды. Ошондой эле сот аткаруучулар менен сот приставдарын төрт сезонго форма менен камсыз кылуу тапшырылды.
Белгилей кетсек, Жогорку сот органынын башчысын Жогорку соттун судьясы Турсунгуль Чаргынова, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу жана Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Алмаз Токтосунов коштоп жүрүшөт.