Бүгүн, 4-августта, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппараттын Жетекчиси Сулайман Мыкыевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин аппараттык кеңешмеси болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Сот департаментинин үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштеринин жыйынтыктары угулду. Кеңешменин катышуучулары сот объектилерин оңдоо жана куруу, сот органдарынын жаңы административдик имараттарын салуу үчүн жер тилкелерин бөлүү, ошондой эле «Фемида» пансионатында жайкы эс алуу сезонун уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин эмгек жана аткаруучулук тартибинин абалы тыкыр каралды.
Мындан тышкары, соттук өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу, сот приставдар кызматынын ишмердүүлүгү, анын ичинде сотко келбей койгон жарандарды мажбурлап алып келүүнү жүзөгө ашыруу жана формалык кийимдерди кийүү эрежелерин сактоо боюнча маалыматтар угулду.
Кеңешменин соңунда Жогорку соттун Аппаратынын Жетекчиси Сулайман Мыкыев тиешелүү тапшырмаларды тапшырды. Ал жыл ичинде бөлүнгөн бюджетти толук жана өз убагында өздөштүрбөгөн жер-жерлердеги жетекчилерге катуу тартиптик чаралар көрүлөрүн өзгөчө белгиледи.

