2025-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда өлкөнүн сот органдарынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар -инфраструктурасын модернизациялоо боюнча техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгуу маселеси талкууланган онлайн жыйын өттү.
Жыйынга Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технологиялар боюнча мекемесинин директору Бек Иманалиев, аталган мекеменин маалымат системаларын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Григорий Мамыкин жана Жогорку соттун Аппаратынын бөлүм башчысы Алисбек Ибраимов катышты.
Кытай тараптан «EDRI» компаниясынын изилдөө институтунун директору Хань Сюэфэн, «Huawei» компаниясынын кардарлар менен иштөө боюнча менеджери Хуа Хао жана «Huawei» компаниясынын кытай ишканалары менен иштөө боюнча менеджери Ван Хунцзюнь катышты.
Эскерте кетсек, Кытай Эл Республикасынын техникалык жардам алкагында 2024-жылдын март айында Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынын Жогорку Сотунун делегациясы келип, 26-марттан 29-мартка чейин Кыргыз Республикасындагы сот органдарынын маалыматтык системаларынын учурдагы абалын талдап, МКТ-инфраструктурасын модернизациялоого зарыл болгон жабдуулардын тизмесин аныкташкан.
Анализдин негизинде «Кыргыз Республикасындагы эл аралык гранттык жана техникалык жардамды тартуу жана колдонуу тартиби жөнүндө» Жобо алкагында долбоорду даярдоо жана каттоо боюнча тиешелүү иштер башталган. Белгилей кетүүчү жагдай, бул макулдашуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары учурунда, ушул жылдын февраль айында кол коюлган.
Долбоордун максаты — «Сот кызматтарынын туруктуу иштешин камсыздоо жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууну колдоо үчүн МКТ-инфраструктурасын модернизациялоо» демилгесин улантуу.
«EDRI» компаниясы (Пекиндеги «EDRI» бөлүмү) Кыргызстандагы сотторду автоматташтыруу долбоорлорун колдоого жардам көрсөтүү милдетин алган жана Жогорку сот менен биргеликте техникалык-экономикалык негиздемени даярдайт.
Тараптар Кыргыз Республикасынын сот системасынын МКТ-инфраструктурасын модернизациялоо боюнча учурдагы муктаждыктарды, технико-экономикалык негиздеменин иштеп чыгуу этаптарын жана аны ишке ашыруу мөөнөттөрүн талкуулашты.
Жыйында белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту сот тутумунун натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу үчүн сот органдарынын МКТ-инфраструктурасын модернизациялоо боюнча ишти улантат.