2025-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда «Сот 3.0» Автоматташтырылган маалыматтык системасын пилоттук негизде сыноонун алкагында пилоттук соттордун аппарат кызматкерлерине кылмыш-жаза блогун колдонуу боюнча окутуу өткөрүлдү.
Окутууну үстүбүздөгү жылдын апрель айында Жогорку соттун төрагасынын буйругу менен түзүлгөн сот тутумун санариптештирүү боюнча координациялык жумушчу топтун мүчөлөрү жүргүзүштү. Окуу программасы электрондук форматтагы жазык иштеринин толук циклын өздөштүрүүгө багытталды: канцелярияга түшкөн материалдарды каттоодон тартып, даттанууларды түзүү, аларды биринчи инстанцияда кароо жана кийинкисинде экинчи инстанцияга өткөрүп берүү процессине чейин.
Окутууга Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь, Биринчи май жана Ленин райондук сотторунун кызматкерлери катышты. Катышуучулар АМС «Сот 3.0» системасын тесттик түрдө иштөөнүн практикалык көндүмдөрүн үйрөнүшүп, келип чыккан суроолорго иштеп чыгуучулар жана жумушчу топтун адистери менен талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.
АМС «Сот 3.0» пилоттук долбоорунун максаты – документ жүгүртүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, жазык иштерин жүргүзүүнүн бирдиктүү стандарттарын киргизүү жана системаны өлкөдөгү бардык сотторго кеңири жайылтууга негиз түзүү болуп саналат.