Бүгүн, 2025-жылдын 14-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрүлдү.
Ага Жогорку соттун судьялары, ал эми жергиликтүү соттор видеоконференц байланыш аркылуу катышышты.
Жыйында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев маалымат берип, анда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2024-жылдын 31-декабрында “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлгандыгын айтты.
Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” жана башка Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, төмөнкүлөр бекитилген:
— коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдын соттуулугу жоюлса дагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салуу;
— коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып түүрүндөгү жазаларды жокко чыгаруу;
— коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарга, күнөөсүн моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымын дайындоо жана ушул сыяктуу эле башка чаралар.
Мамлекет тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чукул аракеттер көрүлүп жаткан учурда судьялар, жалпы сот системасы четте турбашы керек экендигин Нурлан Мусаев белгиледи.
Анын маалыматы боюнча, 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан кынтыксыз эмес себебинен улам 8 судья кызмат ордуларынан четтетилген.
Ошондой эле 2023-жылы Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштарынын негизинде 6 судья жана экс-судьяларга карата кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берилип, 3 судья кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган.
2024-жылы Судьялар кеңеши тарабынан 9 судьяга карата макулдук берилип, 5 судья кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган.
Жыйындын жүрүшүндө, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев судьяларды мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү чечимдерди чыгарып, коррупцияга малынбай, таза болууга чакырды.
Ошондой эле жергиликтүү соттордун төрагаларына аппарат кызматкерлерине дагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйындарды өткөрүү тапшырмасы берилди.