KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде студенттер үчүн ачык эшик күнү өттү

25 марта 2025


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик  университетинин юридика факультетинин 2 курсунун студенттери үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү.





Иш чара келечектеги юристтерди Сот адилеттигинин жогорку мектебинин иши жана анын өлкөдөгү сот адилеттиги системасындагы мааниси менен тааныштыруу максатында уюштурулду.


Иш чаранын башында студенттер экинчи инстанциядагы жарандык коллегиянын судьялары үчүн Сот адилеттигинин жогорку мектебинде өткөрүлүп жаткан комплекстүү окутуу программасына катыша алышты.


Андан соң алар имитациялык залды көрүшкөндөн кийин онлайн-конференция залына барышып, ал жактан Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн башкы специалисти Айсаев Максат өлкөдөгү сот адилеттигин камсыз кылууда маанилүү роль ойногон судьялардын жана сот системасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча алып барылган иштер тууралуу кеңири айтып берди.


Сот адилеттигинин Жогорку мектебиндеги ачык эшик күнү студенттерге сот тутумунун кызматкерлерин окутуу жана даярдоо процессин көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.




Видео-блок

Эми ар бир жаран соттордун тейлөө сапатын баалай алат
М. Сатыев ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы менен жолукту
Президент: "Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот". Кыргыз Республикас...
Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайы болуп өттү. Үч жылда эмнелер аткарылды?
Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...