KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде экинчи инстанциядан биринчи инстанцияга которулган судьялар үчүн семинар өтүүдө

04 июля 2025

Жергиликтүү соттордун судьяларынын ротацияланышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 28.03.25-жылдагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө» №106 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде экинчи инстанциядан биринчи инстанцияга которулган жергиликтүү соттордун судьялары үчүн семинар өткөрүлүүдө.


Семинар эки күнгө созулуп, кылмыш иштерин караган судьялар үчүн «Кылмыш иштери боюнча соттук териштирүүнү алып баруунун практикалык көндүмдөрү (биринчи инстанция)» жана ««Өкүмдү даярдоо» темалары, ал эми жарандык иштерди караган судьяларга «Жарандык ишти соттук териштирүүгө даярдоо. Алдын-ала сот жыйналышын өткөрүүнүн тартиби»,  «Жарандык иштер боюнча сот процессин алып баруунун практикалык  көндүмдөрүн калыптандыруу» темалары  өтүлөт.


Лектор катары Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Базаралиева Анархан Мамбетовна, Чүй облустук сотунун судьясы Воронцова Ирина Николаевна жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары Доспаева Кунтуган Ахмеджановна жана Дуйшенбекова Гульнара Султанбековна болушат.


Семинар угуучуларга жарандык иштерди даярдоо, жарандык жана кылмыш иштери боюнча соттук отурумду өткөрүүнүн эрежелерин үйрөтүү жана өкүм чыгаруу боюнча практикалык көндүмдөрдү үйрөтүүгө багытталган.


Окутуу учурунда  Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан берилген окуу куралдары колдонулуп, практикалык көнүгүүлөр менен коштолот.


Видео-блок

Элдин пикири: Соттор акыйкаттуу чечимдерди чыгарып жатышат
Нурлан Мусаев IV Эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты
Г. Абсатарова: "Судья болуу чоң жоопкерчиликти талап кылат"
Нургуль Бакирова «Манас» университети менен соттордун илимий жана агартуу ишмердүүлүгүн...
Нургуль Бакирова БУУнун Качкындар иштери боюнча комиссарынын башчысы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...