KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде соттордун аппарат жетекчилери үчүн окуу аяктады

02 июня 2025



Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде соттордун аппарат жетекчилери үчүн алардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана ишинин сапатын жакшыртуу максатында Комплекстүү окутуу программасы соңуна чыкты. Окутуу аяктагандан кийин сот практикасындагы иш кагаздарын бир тартипте жүргүзүү боюнча нускаманы колдонуу максатында окууга республиканын бардык аймактарынан соттордун аппарат жетекчилери чакырылган.







Ушуга байланыштуу окуу программасында алардын кесиптик ишине түздөн-түз тиешелүү темалар камтылды. Биринчи инстанциядагы соттордо иш кагаздарын жүргүзүү иштерине өзгөчө көңүл бурулуп, угуучулар соттордун аппарат жетекчилеринин укуктук статусу жана функционалдык милдеттери, иш кагаздарын уюштуруу, жарандык жана кылмыш иштерин тариздөө жана даярдоо, ошондой эле буюм далилдерин кабыл алуу, эсепке алуу, сактоо жана жок кылуу, архивдик иштерди жана материалдарды жок кылуунун тартиби жана мөөнөттөрү сыяктуу актуалдуу темаларды окушту.


3 күндүк теманы камтыган бул окутууда Свердлов райондук сотунун судьясы, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Узакпаева Гулзат Каныбековна лектор болду.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жана жергиликтүү соттордо иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускаманын, 3-главасынын, 11-пунктуна ылайык, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун Аппараты жөнүндө Жобого ылайык бөлүм башчы сот аппаратынын ишин жетектейт, канцеляриянын жана архивдин ишин уюштурат, иш кагаздарын жүргүзүү жана документтик камсыздоо, ошондой эле сот жана иш кагаздарын жүргүзүү процесстерин башкаруунун автоматташтырылган системасынын иштеши үчүн жооп алышат.


Ушул Жобонун негизинде, ошондой эле Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан электрондук форматта берилген окуу-методикалык материалдарды колдонуу менен окутуудан өткөн жетекчилер алган билимдерин өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө натыйжалуу колдоно алышат жана аларды соттордун аппараттарынын кызматкерлери менен бөлүшсө болот.


Окуу аяктагандан кийин катышуучулар жыйынтыктоочу тестирлөөдөн өтүп, анын жыйынтыгы боюнча аларга тиешелүү күбөлүктөр тапшырылды.




Видео-блок

200 адамды сотко мажбурлап алып келгенбиз. Сот приставы эмне иш аткарат?
Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?
Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат
Алынган мүлктү онлайн сатуунун доору башталды
У. Кожомбердиев:"Айтса жаман көрөсүңөр!". Сот аткаруучулардын жыл жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...