KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Россия Федерациясынын Жогорку сотунун Төрайымы Ирина Леонидовна Подносованын дүйнө салганы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алды

22 июля 2025

71 жаш курагында, өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн мыйзамдуулукка жана сот адилеттигине арнаган, жогорку даражадагы юрист, принципке бекем судья жана мыкты жетекчи дүйнө салды.


Ирина Леонидовна Подносова 2024-жылдын 17-апрелинде Россия Федерациясынын Жогорку сотунун Төрайымы болуп дайындалган. Ага чейин төрт жыл бою Жогорку соттун төрагасынын орун басары — Экономикалык талаштарды кароочу сот коллегиясынын төрайымы болуп иштеген. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө ал соттук тутумду өнүктүрүүгө чоң салым кошкон: сот процесстерин кеңири санариптештирүү демилгесин көтөргөн, жаза тартибин гумандаштырууну жана сот практикасында бирдиктүү ыкманы камсыздоону туруктуу карманып келген.


Жогорку кесипкөйлүгү, калыстыгы жана башкаруучулук тажрыйбасы менен Ирина Леонидовна кесиптештеринин терең урмат-сыйына жана коомчулуктун ишенимине ээ болгон. Анын дүйнө салышы Россия Федерациясынын юридикалык коомчулугу үчүн гана эмес, аны тааныган жана баалаган бардык адамдар үчүн чоң жоготуу болуп калды.


Кыргыз Республикасынын сот тутумунун атынан Ирина Леонидовна Подносованын үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине жана Россия Федерациясынын сот системасында эмгектенген бардык кызматкерлерге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.


 


 


Видео-блок

Жаңы электрондук система судьяларды кантип тандайт? Жаңы платформасы тесттен өтүүдө
М. Сатыевдин тапшырмасынын изи менен | Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу сот имараттарынын у...
"Сот системасы бүгүн...". Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы | Жыпар Сабырова менен ...
Жалобы на действия судей: как работает механизм? | Ала-Тоо 24
Баткен облусундагы эл менен жолугушууларда сотторго жарандык, жер маселелер боюнча кай...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...