Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары жана Аппарат кызматкерлери Жогорку соттун Аппарат кызматкери Айгүл Керимкулованын атасы Карыпкул Керимкулов мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Сиздин үй-бүлөңүздүн, туугандарыңыздын жана жакындарыңыздын орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз.