KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы жыйынтыкталды

23 июля 2025

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгын жыйынтыктоочу жыйналыш болуп өттү. Жыйналышка Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери жана окутуучулары катышты.


Жыл башынан бери биринчи, экинчи инстанциялардагы судьялар, сот тутумунун кызматкерлери үчүн 8 Комплекстүү окутуу программасы 18 тематикалык семинарлар өткөрүлдү.  Ошондой эле прокуратуранын, адвокатуранын өкүлдөрүнүн, милиция кызматкерлеринин жана Пробация департаментинин катышуусунда биргелешкен тренингдер уюштурулду. Мындан тышкары, КМШ өлкөлөрүнүн катышуусунда эл аралык онлайн-семинар уюштурулду.


Кыргызстандын түштүгү Ош шаарында эки семинар өткөрүлүп, биринчиси судьялар үчүн, экинчиси судьялар корпусунун, прокуратуранын жана адвокатуранын өкүлдөрүнүн катышуусу менен уюштурулду.  


Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин окутууга болгон муктаждыктарына талдоо жүргүзүштү, ошондой эле окуу модулдарын, окуу куралдарын актуалдуулугуна инвентаризация жүргүзүлүп, китепкананы системалаштырышты. Мындан тышкары, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Чинара Курбанова тарабынан Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин терминологиясын мамлекеттик тилде туура колдонууну камсыз кылуу максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жөнөтүлдү.


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин студенттери үчүн ачык эшиктер күнү уюштурулуп, анын жүрүшүндө болочок юристтерди мектептин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, аларга экинчи инстанциядагы жарандык коллегиянын судьялары үчүн өткөрүлүп жаткан комплекстүү окутуу программасына катышууга мүмкүнчүлүк беришти.


Эл аралык деңгээлде Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери да активдүүлүгүн көрсөтүштү. Директордун орун басары Абдыкеримова Айгүл Анарбековна жана окутуучу Султанбековна Гүлнара Дуйшенбекова Казакстан Республикасындагы юристтердин Эл аралык конгрессине катышып келишти. Сот адилеттигинин жогорку мектебинин квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн башкы адиси Айсаев Максат Түркия Республикасында өткөн үч күндүк Эл аралык билим берүү программасына Жогорку соттун судьяларын жана жергиликтүү соттордун судьяларын камтыган делегациянын курамында катышты.


Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасына караштуу Окуу борборунун ортосунда “Нотариат мектеби” ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу мекеме аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болуп калды.


Сот адилеттигинин жогорку мектеби сот тутумунун кадрдык потенциалын өнүктүрүү, заманбап билим берүү ыкмаларын киргизүү жана Эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча системалуу ишти улантууда.


Видео-блок

М.Сатыев: “Адилеттүүлүктү сатпагыла! Элге сылык мамиле жасагыла!” Соттордун жалпы жыйыны
Медербек Сатыев сот системасын өнүктүрүүнүн стратегиясын түзүүгө арналган жолугушуу өтк...
Н. Бакирова: “Сотко ойноп келбейт. Кызматкерлердин орой мамилеси элдин нааразычылыгын к...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Н.Бакирова: «Судьяларга методикалык жардам көрсөтүү, айрым катачылыктардын алдын алат»

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...