KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнү жарыялайт

23 августа 2024

Административдик кызмат орундардын кенже топтору үчүн жалпы квалификациялык талаптар:


Билүүсү керек:



  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

  2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана


муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы.



  1. 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 Кыргыз Республикасынын


Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.


Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө


мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.


Компьютердик оргтехника менен иштөө жана керектүү программалык


өндүрүмдөргө ээ болуу (Word, Excel, «ТОКТОМ Про» маалыматтык-укуктук системасы):


— тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;


— издөө системаларын колдонуу;


— ар кандай браузерлер менен иштөө.


 


Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар юриспруденция багыты боюнча:



  1. Кесиптик билим денгээли:



  • юриспруденция багыты боюнча гуманитардык илимдер жаатындагы


жогорку билим.



  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:


—   иш стажына талап коюлбайт.



  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:


Төмөнкүлөрдү билүү:



  • «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө», «Кыргыз


Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарын;



  • Кыргыз Республикасынын «Соттук өз алдынча башкаруу органдары


жөнүндө» мыйзамын;



  • 2022-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жөнүндө» Жобосун;


Билгичтиги:



  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

  • тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо


жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;



  • командада иштөө;

  • мамлекеттик жана / же расмий тилде ишкердик кат алышуулар;

  • окутуу иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү.


Көндүмдөрү:



  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада


колдонуу.


 


Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар экономика жана башкаруу жаатындагы багыты боюнча:



  1. Кесиптик билим денгээли:



  • Экономика жана башкаруу багытында жогорку билим-экономика.



  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:


—   иш стажына талап коюлбайт.



  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:


Төмөнкүлөрдү билүү:



  • «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамдарын;

  • «Бухгалтердик эсеп жөнүндө»,   Кыргыз Республикасынын «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамдарын;

  • 2022-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар


кеңешинин чечими менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жөнүндө” Жобосун;


Билгичтиги:



  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

  • 1С электрондук системасында финансылык документтерди жүргүзүү;

  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

  • тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо


жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;



  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

  • мамлекеттик жана / же расмий тилде ишкердик кат алышуулар;

  • командада иштөө.


Көндүмдөрү:



  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада


колдонуу.


 


Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар кыргыз филология багыты боюнча:



  1. Кесиптик билим денгээли:


— “Кыргыз тили” адистиги боюнча жогорку филологиялык билими.



  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:


—   иш стажына талап коюлбайт.



  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:


Төмөнкүлөрдү билүү:



  • «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө», «Кыргыз


Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарын;



  • Кыргыз Республикасынын «Соттук өз алдынча башкаруу органдары


жөнүндө» мыйзамын;



  • 2022-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жөнүндө” Жобосун;


Билгичтиги:



  • иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү;

  • локалдуу актылардын, буйруктардын, контракттардын, келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун, ошондой эле окуу материалдарын которууну камсыз кылуу;

  • расмий тилден мамлекеттик тилге, мамлекеттик тилден расмий тилге документтерди которуу;

  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;

  • кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

  • командада иштөө;


Көндүмдөрү:



  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аны практикада колдонуу.


 


Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар журналистика же филология багыты боюнча:



  1. Кесиптик билим денгээли:


— журналистика, филология же юриспруденция жаатындагы гуманитардык илимдер тармагындагы жогорку билими.



  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:


—   иш стажына талап коюлбайт.



  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:


Төмөнкүлөрдү билүү:



  • «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө», «Кыргыз


Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарын;



  • Кыргыз Республикасынын «Соттук өз алдынча башкаруу органдары


жөнүндө», «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамдарын;



  • 2022-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар


кеңешинин чечими менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жөнүндө” Жобосун.


Билгичтиги:


— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;


— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;


— тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо


жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;



  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

  • командада иштөө:

  • пресс-релиздерди даярдоо;

  • пресс-конференцияны даярдоо жана өткөрүү;

  • эл алдында сүйлөө.


Көндүмдөрү:



  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада


колдонуу.


 


Конкурска катышуу үчүн талапкерлерден төмөнкү документтер талап кылынат:



  • жеке арыз;

  • кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча сүрөт менен (4х6);

  • өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

  • резюме сүрөтү менен (электрондук дарегин көрсөтүү менен);

  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн


негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);



  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

  • окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт).


 


Баардык документтер делого (скорошиватель) тиркелиши керек жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебине 2024-жылдын 23-августунан тартып 6-сентябрына чейин (кошо эсептеп) саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201 дареги боюнча берилиши керек.


Маалыматтар үчүн телефон: (0312) 45-47-43.


Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдардын ачык сынакка катышуусуна жол берилбейт.


 


 


Видео-блок

М.Сатыев: "Оң кулак, сол кулагыңар менен угуп алгыла! Соттор элге, мамлекетке иштегиле!"
М.Сатыев: "Соттор жарандардын укуктарын коргош керек!". Ысык-Көл райондук соту
М.Сатыев :"Сот системасы мамлекет жана эл үчүн кызмат кылыш керек". Балыкчы шаардык соту
Коррупция... Медербек Сатыев Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин ишмердүүлүгү менен т...
“Ар бир кызматкердин иш ордуна ылайыктыгы каралыш керек”. Сот адилеттиги Жогорку мектеби

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...