Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби окутуучу курамынын бош кызмат орунун ээлөө үчүн ачык конкурс жарыялайт
Кызматтын аталышы: окутуучу
Бош кызмат орундардын саны — 1 штаттык бирдик.
- 1 бирдик “Жазык укугу жана процесси” багыты боюнча;
Жалпы квалификациялык талаптар:
Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку юридикалык билим.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— үч жылдан кем эмес окутуучулук иш стажы;
— окутуу модулдарын, окуу куралдарын жана методикалык материалдарды жазуу тажрыйбасы;
— окуу материалдарына экспертиза жүргүзүү тажрыйбасы;
— судьялык иш стажынын болушу артыкчылык болуп саналат.
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
— жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
— сот тутумун терең билүү;
— менеджменттин негизин;
— адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
— чет тилдерди (билгени абзел).
Билгичтиги:
— билим берүү программалары жаатында стратегиялык пландарды иштеп чыгуу жана иштин приоритеттүү багыттарын аныктоо;
— судьялардын жана сот тутумундагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин чечүү боюнча анализдөө, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— окутуу программаларын ишке ашырууда новатордук ыкмаларды колдонуу, мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— тартылган окутуучулар/адистер жана түзүмдүк бөлүмдөр менен натыйжалуу ишти пландаштыруу;
— окуу пландарын жана программаларын түзүү;
— окуу материалдарына экспертиза жүргүзүү;
— судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу стратегиясынын долбоорлорун (кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү, узак мөөнөттүү) иштеп чыгуу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.
Көндүмдөрү:
— лекторлор курамы/тартылган адистер менен өз ара аракеттенүү/башкаруу;
— соттордун жана сот тутумунун кызматкерлиринин квалификациясын жогорулатуу маселелер боюнча актуалдуу муктаждыктарын аныктоо, ошондой эле сот практикасын системалаштыруу жана анализдөө;
— чыр-чатак кырдаалдарын жөнгө салуу;
— өз ара натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларына ээ болуу, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;
— квалификациясын жогорулатуу жана окутуу маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен, жакынкы жана алыскы чет өлкөдөгү сот органдары менен кат алышуу;
— окутуу программаларын өркүндөтүү үчүн сунуштарды даярдоо максатында чет өлкөдөгү сот органдарынын практикалык иш тажрыйбаларын изилдөө;
— эл аралык конференцияларды, тегерек столдорду өткөрүү ж.б.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- жеке арыз;
- кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен;
- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска документтерди тапшыруу жана аңгемелешүү учурунда көрсөтүлөт);
- өмүр баяны;
- резюмеси;
- мурунку иштеген жеринен маалымдама-сунуштама;
- нотариустан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, билими, окумуштуулук даражасын жана окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү;
- квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү документтердин, мамлекеттик жана башка сыйлыктарынын күбөлүгүнүн жана башка документтеринин көчүрмөсү;
- соттуулугу жоктугу жөнүндө справка (берилген күнүнөн 3 ай мөөнөтүнөн ашпаган).
Баардык документтер делого (скорошиватель) тиркелиши керек жана Сот адилеттигинин жогорку мектебине 2024-жылдын 13—декабрынан тартып 2025-жылдын 8—январына чейин (кошо эсептеп) саат 9:00дөн 17:00 чейин Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201 дареги боюнча берилиши керек.
Маалымат үчүн байланыш тел.: (0312) 45-47-43.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдардын ачык сынакка катышуусуна жол берилбейт.