2025-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясынын студенттерине «Кыргыз Республикасынын сот тутуму» темасында лекция окуду.
Лекциянын жүрүшүндө Кыргызстандын сот системасынын түзүмү, анын Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык иштөөсү, сот бийлигинин көзкарандысыздыгы жана анын мамлекеттеги ролу боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле Конституциялык сот, Жогорку сот жана жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктары, алардын милдеттери жана иштөө принциптери талкууланды.
Нургуль Бакирова студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берип, алар менен сот тутумунун иштеши жана укуктук тармактагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.
Мындан тышкары Жогорку соттун төрагасынын орун басары сот жана прокуратура органдарынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө маалымат берип, прокурорлордун соттук процесстердеги орду жана укуктук системадагы мааниси тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Лекция учурунда чыныгы соттук иштерден алынган мисалдар келтирилип, Кыргызстандын сот тутумундагы реформалар жана заманбап технологиялардын киргизилиши жөнүндө да сөз болду.
Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин укуктук билим деңгээлин жогорулатуу, сот бийлигинин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири түшүнүк берүү жана келечектеги укук коргоочуларды кесипкөйлүккө шыктандыруу.
Кошумчалай кетсек, 2023-жылы негизделген Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясы 2024-жылы ачылган. Учурда 250гө жакын студент билим алат. Эки факультеттен турган окуу жайда юриспруденция, прокуратура менен сот ишмердүүлүгү, соттук экспертиза жана маалымат коопсуздугу багытында окуу жүргүзүлөт.