Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова административдик соттордун төрагалары жана экинчи инстанциядагы административдик иштер боюнча соттук коллегияларынын төрагаларынын катышуусунда онлайн-кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө административдик сот өндүрүшүнүн сапатын жогорулатууга жана соттук практиканы бирдиктүү колдонууга багытталган бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар негизги маселелер каралды. Соттук актылардын жокко чыгарылуу себептерине токтолушуп, анда 2026-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун соттук актыларынын жокко чыгарылышынын негиздери менен катар себептерине жасалган анализдин жыйынтыгы талкууланды.
Иштин сапаты боюнча отчеттуулук туурасында каралган маселеде 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгынын биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы судьяларынын иш сапаты боюнча отчетту даярдоону күчөтүү зарылдыгын Нургуль Бакирова эскертти.
Ошондой эле жеке аныктамаларды кабыл алуу боюнча мыйзам бузууларга карата өз убагында чара көрүү максатында жеке аныктамаларды кабыл алуу тажрыйбасын жигердетүү жана күчөтүү талабы коюлду.
Судьялар «Кыргыз Республикасынын Административдик ишмердүүлүк жана жол-жоболор жөнүндө кодексинин» мыйзам долбоорун дагы талкуулашты.
Андан тышкары соттук практиканы жалпылоо маселелери каралды. Алардын ичинде кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жөнүндө мыйзамдарды колдонууга байланышкан талаштар боюнча административдик иштерди кароо менен жер тилкелерин берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу боюнча иштер каралды.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 11-майынан 26-майына чейин калк менен өткөрүлгөн жолугушууларда көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелерди комплекстүү талдоо, алардын келип чыгуу себептерин аныктоо, келечекте мындай көйгөйлөрдү алдын алуу жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун мындан ары чыңдоо максатында ушул жылдын октябрь айында жер тилкелерин берүү, алып коюу жана каттоо менен байланышкан айрым мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол уюштуруу пландалып жатканы билдирилди.
Ошондой эле кеңешмеде эл аралык кызматташтыктын жыйынтыктары да маалымдалды. 2026-жылдын 5-6-июнунда Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун демилгеси менен Евразия конгресси түзүлүп, Административдик укук боюнча Евразия конгрессин түзүү жөнүндө Декларацияга кол коюлган. Бул өнөктөштүк административдик сот өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана мамлекет менен болгон мамилелерде жарандардын укуктарын коргоо чөйрөсүнө алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды киргизүүгө багытталганы белгиленди.
Кеңешменин соңунда 2026-жылдын II жарым жылдыгынын иш планына ылайык, 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Салык кодексинин негизинде салык төлөөчү тарабынан салык кызматынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) даттануу тартиби боюнча соттук тажрыйбаны жалпылоо пландаштырылганы айтылды. Аталган жалпылоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомунун долбоору даярдалып жаткандыгы маалымдалды.

