KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков: «Эл аралык соттук кызматташуу өнүгүүнүн жаңы баскычына чыкты»

19 сентября 2024

2024-жылдын 19-20-сентябрында Бишкек шаарына Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100  жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн 9 өлкөдөн 12 делегация келди.


Замирбек Базарбеков Бишкекте Кыргыз Республикасынын сот тутумунун жүз жылдыгын белгилөө үчүн келген делегациялардын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү: Түркия Республикасынын Жогорку кассациялык сотунун төрагасы Өмер Керкез, Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Инам Керимов, Молдова Республикасынын Жогорку сот палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу Стела Прокопчук, Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун төрагасы Алексей Дронов, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун төрагасы Андрей Плотников, Беларусь Республикасынын Жогорку сотунун биринчи орун басары Валерий Калинкович, Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери боюнча коллегиясынын төрайымы Назгүл Рахметуллина, Тажикстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Саидали Сабзали, Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Шухрат Полванов, Армения Республикасынын Кассациялык сотунун Коррупцияга каршы палатасынын төрагасы Артур Давтян жана Европа комиссиясынын демократия үчүн укук боюнча вице-президенти (Венеция комиссиясы) Вероника Билкова. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Жогорку элдик сотунун төрагасынын орун басары Дэн Сюмин менен эки тараптуу жолугушуу болду.


Жолугушууларда тараптар сот тутумун өркүндөтүү, сот бийлигинин ролун жана беделин бекемдөө, соттордун көзкарандысыздыгын камсыз кылуу, судьяларды даярдоо жана сот иштеринде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү маселелеринде пикир алмашышты.


Ошондой эле тараптар укуктук маалыматты үзгүлтүксүз алмашуу жана өз ара кызыкчылык жараткан башка маселелер боюнча консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашышты.


Жолугушуулардын алкагында тараптар эстелик белектерин алмашып, эл аралык соттук кызматташууну бекемдөөгө даярдыгын ырасташты.


Кыргызстан тараптан жолугушууларга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев, Шералы Камчыбеков, Нургуль Бакирова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын жетекчиси Эркинбек Мамыров, ошондой эле Аппараттын кызматкери Айгерим Шамурзаева катышышты.


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...