KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды

29 декабря 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 29-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда төрага Замирбек Базарбековдун катышуусунда “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалдары менен сот тутумунун өкүлдөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сулайманкулов  катышып, Кыргыз Республикасынын төрагасы Замирбек Базарбековго “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалын тапшырды.


Өз сөзүндө Замирбек Базарбеков жалпы судьяларды жана аппарат кызматкерлерин кирип келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, узап бара жаткан жыл жалпы эле сот тутуму жана анын ичинде Жогорку сот үчүн олуттуу окуяларга бай болуп, сот системасында чечкиндүү реформалар менен эсте калгандыгын белгиледи.


“Резонанстуу иштер боюнча судьялар Жогорку соттун басма сөз борборунда пресс-конференция берип, түшүндүрүү иштерин  жүргүзүштү. Бул өз кезегинде коомчулукта жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында айрым кызыгууну жараткан иштер боюнча түшүнбөстүктөрдү дароо жоюуга мүмкүндүк берди.


Сот тутумунун тарыхында биринчи жолу эки чоң Сот адилеттик үйлөрүн Каракол жана Жалал-Абад шаарларында ачтык.


Чет мамлекеттердеги Жогорку соттор менен байланыштар бекемделип, Кытайга болгон  иш сапардын натыйжасында, аталган өлкөнүн адистери сот тутумундагы санариптештирүүнү колдоого даяр экендиги жетишилди.


Экология көйгөйлөрүнөн улам чыккан талаш-тартыштарды чечүүдө сот адилеттигин камсыз кылуу маселесине байланышкан ири эл аралык конференция  Ысык-Көлдө өтүп, келген меймандар бул багыттагы кыргыз сотунун ишин жогору баалашты.


Жакында эле болсо өлкө башчысынын колдоосу менен Кыргызстан эгемендик алгандан бери биринчи жолу сот аткаруучуларга 47 даана кызматтык автоунаа берилди.


Мындан тышкары Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин жарыяланган үч айлыгына бүтүндөй жергиликтүү соттор өзгөчө маани берип катышышты.


Ийгиликтер менен бирге кемчиликтер дагы орун алды. Аны айтпай кетүүгө болбойт. Соттордун арасында дагы коррупцияга малынып, мыйзамсыз чечимдерди чыгарып жаткандар дагы болуп жатат.


Бул багытта күрөш улантылат. Анткени, биздин кийинки кадам сапатка өтүү керек. Мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү чечимдер менен гана элдин ишенимин арттыра алабыз.


Беш манжа бөлөк – билек бир, беш адам бөлөк – тилек бир.


Эгер биз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымактуу  жана түшүнүү менен иштесек, бардык кыйынчылыктарды бирге жеңебиз.


Ал эми Жаңы жылда алдыга койгон максаттарыбыз ишке ашсын.


Мекенибизде дайыма тынчтык өкүм сүрүп, асманыбыз ачык болсун!


2024-жыл ийгиликтерди алып келген, жемиштүү, берекелүү жыл болушун тилейм.


Ар бириңиздерге бекем ден соолук,  дасторконго береке, жашоодогу аруу тилектердин орундалышын жана чексиз бакыт каалаймын!


Түндүгүбүз бийик, уугубуз бекем, керегебиз кенен болсун!”, — деп сөзүн жыйынтыктады төрага.


Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалы менен төмөндөгүлөр сыйланышты:


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Мусаев Нурлан Алишерович;


Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Камчыбеков Шералы Равшанбекович;


Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Бакирова Нургуль Жакыповна;


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Качыке Эсенканов;


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Токтомамбетов Кенешбек Божокоевич;


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич;


Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун судьясы Токбаева Айнаш Абдымановна;


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Давлетов Айбек Абубакирович;


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Асанова Нургуль Молдобековна;


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат жетекчиси Мамыров Эркинбек Тобокелович;


Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Джаналиев Бекболот Болотбекович;


Ош облустук сотунун судьясы Досмамбетов Азизбек Анарбекович;


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Байтикова Эльмира Турдакуновна;


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин экс-директору Сатыев Медербек Асанбекович.


 


Видео-блок

Медербек Сатыев сот системасын өнүктүрүүнүн стратегиясын түзүүгө арналган жолугушуу өтк...
Н. Бакирова: “Сотко ойноп келбейт. Кызматкерлердин орой мамилеси элдин нааразычылыгын к...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Н.Бакирова: «Судьяларга методикалык жардам көрсөтүү, айрым катачылыктардын алдын алат»
Калыс сот – элдин тиреги | Талас облусу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...