Ак-Талаа райондук сотунун демилгеси менен райондук прокуратуранын , райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү жана ыйгарым укуктуу кызмат адамдары менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда райондук соттун төрагасы Азат Доулбеков Кыргыз Республикасынын Жазык мыйзамдарынын талаптарын так аткаруу жана тергөө судьялары тарабынан сотко чейинки өндүрүштө соттук контроль жүргүзүү боюнча соттук практиканын кээ бир маселелери жөнүндө кеңири маалымат берди.
Жолугушууда «Кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү жана бөгөт коюу чаралары тууралуу жазык-процесстик мыйзамдарды соттор тарабынан колдонуу тажрыйбасы жөнүндө» маселе да ортого салынып, бул боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдорунун талаптары жөнүндө, ошондой эле жемкорлукту алдын алуу боюнча судья Ж .Жумаков менен бирге аткарыла турган иштердин планы тааныштырылып, талап кылынган жагдайларда биргелешип иш алып баруу каралды.
Нарын облустук сотунун
басма сөз кызматы