KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик кызмат орундардын улук тобуна эл аралык катнаш  багыты боюнча ачык конкурс жарыялайт

28 июля 2026

Жогорку соттун Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик кызмат орундардын улук тобуна эл аралык катнаш  багыты боюнча ачык конкурс жарыялайт.


 


Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:


 


—  өзүнүн арызы;


— резюме (электрондук почтаны  жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);


— акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;


— акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);


— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;


— паспорттун көчүрмөсү.


 


Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 14-августу саат 15.00гө чейин жүргүзүлөт.


 


Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек.


 


 Административдик кызмат орундардын улук тобуна (эл аралык катнаш багытындагы)


 


— эл аралык катнаш тармагында жогорку билим;


— мамлекеттик кызмат стажы  1 жылдан кем эмес  же  адистиги боюнча иш стажы


3 жылдан кем эмес;


 


-төмөнкүлөрдү билүү:


 



  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

  2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

  3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз


Республикасынын Мыйзамы



  1. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  2. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  3. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Нускамасы;

  5. “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

  6. “Кыргыз Республикасынын жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

  7. “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;


 


 



  1. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы;

  2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

  3. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;


14 “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;



  1. “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  2. “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  3. “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси;


— мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.


 


Билгичтиги:


 


маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;


-аналитикалык документтерди даярдоо;


-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;


-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;


-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;


-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;


Көндүмдөрү:


-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;


-ишти пландоо жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;


-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;


-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;


-жетекчиликтин тапшырмаларын ыкчам ишке ашыруу.


 


Тандоого катышууну каалагандар арызын жана документтерин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна: Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205 дареги боюнча 107-кабинетке тапшыра алышат.


Ошондой эле «e-Kyzmat» мамлекеттик вакансиялар порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө бере алышат.


Өтүнмөгө электрондук форматтагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет.


Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон боюнча кайрылууга болот:          0312 62-42-74 (кадрлар бөлүмү).


 


Видео-блок

Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?
Номад ТВ: Что изменится в судебной системе Кыргызстана
Ваше мнение — это ваш вклад в совершенствование правосудия!
Сиздин пикириңиз – сот адилеттигин жакшыртууга кошкон салымыңыз!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...