2021-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында сот реформасына байланыштуу маанилүү билдирүүлөр жасалды. Мамлекет башчысы С.Жапаров катышкан бул жыйында кыска убакыттын ичинде Конституциянын жаңы редакциясына ылайык мыйзамдарды шайкеш келтирүү иш-аракеттери, бир катар кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштар, сот тутумуна коомдук ишенимди кайтарып келүү, ошондой эле соттордун эл ичиндеги аброюнун кынтыксыздыгын камсыз кылуу маселелери тууралуу сөз козголду. Анын ичинде Жогорку соттун төрайымы Нургул Бакирова дагы доклад жасап, Конституциянын жаңы редакциясында сот бийлигинин өз алдынчалуулугун камсыз кылууга шарт түзгөн жана анын ишин уюштурууну жакшыртууга алып келе турган бир нече жаңы ченемдер камтылганын белгиледи. Төрайым өз сөзүндө соттордун көз карандысыздыгын сактоодо соттун ишине башка мамлекеттик органдардын жана жогорку кызмат адамдарынын кийилигишпөөсүн камсыз кылуу дагы өтө маанилүү экендигине токтолду.
Эске салсак, 2021-жылдын 7-июнунда Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында болуп өттү.