KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жумгал райондук сотунда “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү

12 февраля 2024

Жумгал райондук сотунда Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын жана М.Алыбаев атындагы орто мектебинин 11-класстарынын окуучуларына Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Ага элүүдөн ашык окуучу катышышты.


Иш-чара жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуу, кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу максатында  Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун кызматкерлери тарабынан уюштурулган.


Жолугушуунун жүрүшүндө Жумгал райондук сотунун төрагасы Куралбек Бектемиров жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуу, кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу жөнүндө маалымат берди. Андан тышкары, райондук сотто окуу практикасынан өтүп жатышкан Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин студенттеринин катышуусунда жалпы эле сот тутумунун ишмердүүлүгү, кыргыз сотунун тарыхы, сот системасы, кылмыштуулук жана укук бузуучулукту алдын алуу маселелери  жөнүндө кыскача баяндалды.


Өз кезегинде окуучуларды соттордун ыйгарым укуктары, судья кызматына талапкерлерди тандоо тартиби ж.б. жөнүндө суроолор кызыктырды.


Иш-чаранын соңунда окуучулар  кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды алышкандыгын билдиришип, ыраазычылыктарын айтышты.


 


Видео-блок

М.Сатыев:"Жогорку айлык да, пара да алам десеңер терең жаңылышасыңар!"Нарын шаарындагы ...
М.Сатыев: "Бардык шартыңар түзүлүп жатат. Эми талап да болот!." Жумгал райондук соту
М.Сатыев: "Кол ийрисине тартат дегенди токтоткула! Мыйзам менен иштегиле! ". Ак-Талаа р...
М.Сатыев:"Сотко акыйкаттуулукту издеп келишет... ". Кочкор райондук соту
М.Сатыев:"Мамлекеттин мүлкүн талкалаганды токтоткула!". Ат-Башы райондук соту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...