2025-жылдын 7-майында Түркия Республикасында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун конференциясынын Статутуна кол коюу аземи болуп өттү. Эл аралык иш-чарада Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова чыгып сөз сүйлөдү.
Кыргыз делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Инара Гилязетдинова, Бишкек шаардык сотунун судьясы Эльмира Барыктабасова, Чүй облустук сотунун судьясы Галина Шин жана Жогорку соттун төрагасынын жардамчысы Жыргалбек Жаныбеков кирди.
Конференция Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын жогорку сот органдарын бириктирди. Статуттун долбоорунун демилгечиси катары Түркия Республикасынын Кассациялык соту чыкты.
Конференция кеңеш берүүчү орган катары түзүлүп, адилеттүүлүк чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүүнү, тилектештикти жана мыкты соттук практикаларды алмашууну өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле, соттук процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду, илимий изилдөөлөрдү жана иш-чараларды өткөрүү каралган, алардын ичинде заманбап санариптик чечимдерди жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу да бар.
Нургүл Бакирова өз сөзүндө Статутка кол коюу ТМУга мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун ортосунда кызматташууну тереңдетүү үчүн туруктуу платформаны түзөрүнө ишенимин билдирип, бул кадам укуктук мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана жарандардын укуктарын коргоо сапатын жогорулатууга өбөлгө болоорун белгиледи.
— Бүгүнкү конференция өзгөчө мааниге ээ. Биз маанилүү окуяга – Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун конференциясынын Статутуна кол коюунун күбөсү болуудабыз. Бул маанилүү документ биздин кызматташуубузду укуктук жактан бекемдеп, кол коюлган учурдан тартып конференция расмий түрдө туруктуу өз ара аракеттенүүчү платформа катары түзүлдү деп эсептелет жана жыл сайын өткөрүлүп турат. Бул – алдыга карай олуттуу кадам, ал бизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат: тажрыйба алмашууну системдүү жана үзгүлтүксүз жүргүзүү, адилеттүүлүк маселелеринде ыкмаларды макулдашуу, заманбап дүйнөдөгү сот тутумдары алдында турган чакырыктарды талкуулоо жана биргелешип чечүү жолдорун издөө. Дал ушундай форматтарда ишенимдин, макулдашуунун жана координациянын пайдубалы түптөлөт. Бул конференция түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыгып, сот тармагын да камтыгандыгын дагы бир жолу тастыктады, — деди Нургүл Бакирова.
Статутка кол коюу — түрк тилдүү мамлекеттердин сот органдарынын ортосундагы кызматташууну чыңдоо, тажрыйба алмашуу, координацияны жана соттук диалогду өнүктүрүү жолундагы маанилүү кадам болду. Документ өз ара аракеттенүүнүн принциптерин, Конференциянын түзүмүн, иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин жана биргелешкен ишмердүүлүктүн негизги багыттарын аныктады.
Белгилей кетсек, ушул сыяктуу кийинки эл аралык жыйын 2026-жылы Казакстан Республикасында өткөрүлмөкчү.