Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Медербек Сатыев 2025-жылдын 26-сентябрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында, Кыргыз Республикасынын Президентинин №2 Мамлекеттик резиденциясында өткөн «Экологиялык адилеттик: чакырыктар жана келечек» деген аталыштагы судьялардын улуттук форумунда билдирди.
“Экологиялык жана климаттык өзгөрүүлөр адамдардын турмушуна акырындык менен терең таасир берип жатканын көрүп жатабыз. Таза суу, аба, токойлорду жана тоо экосистемаларын сактоо бул жөн гана табигый ресурстар эмес, бул өз кезегинде саламаттык, коопсуздук жана туруктуу өнүгүүнүн негизи болуп саналат.
Экологиялык сот адилеттиги — бул, биринчи кезекте, адамдын фундаменталдык укуктарын коргоо маселеси. Кыргыз Республикасынын Конституциясында ар бир адам жашоо жана ден соолук үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөгө укуктуу экендиги айтылат. Бул укук реалдуу болушу үчүн, натыйжалуу иштеген коргоо механизмдери зарыл. Бул жерде негизги роль сот бийлигине таандык.
Ошол эле кезде, экологиялык укуктарды эл аралык стандарттардан ажыратып карай албайбыз. Кыргызстан бир катар эл аралык келишимдердин мүчөсү болуп саналат, алар айлана-чөйрөнү жана адам укуктарын коргоодо жогорку стандарттарды белгилейт”, — деп билдирди Медербек Сатыев.
Онлайн жана оффлайн форматтарда өткөн форумдун катышуучуларынын алдында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева жана Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Алмазбек Кудайбергенов да сөз сүйлөштү.
Александра Соловьева өз сөзүндө: “Кыргыз Республикасы экологиялык адилеттүүлүктү бекемдөөдө туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Жогорку Соттун Пленумунун Токтомун кабыл алуу экологиялык мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылууда маанилүү кадам болду. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы бул аракеттерди колдоп, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана жашыл экономикага өтүүгө, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоого жана климаттык туруктуулукту жогорулатууга багытталган укуктук инфраструктураны түзүүгө көмөктөшүп жатат”, – дед билдирди.
Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Алмазбек Кудайбергенов өз сөзүндө: “Биздин конференция – бул жөн гана тажрыйба алмашуу эмес, келечектеги чечимдер үчүн негиз түзүү болуп саналат. Талкуулардын жыйынтыгында экологиялык укуктарды коргоо боюнча соттук практиканы өркүндөтүүгө, жаңы билим берүү программаларын жана методикалык материалдарды иштеп чыгууга өбөлгө боло турган так сунуштар иштелип чыгат деп ишенебиз. Биздин алдыбызда тандоо турат: экологиялык кырсыктардын кесепеттерине гана реакция кылуу же проактивдүү болуп, тобокелдиктерди алдын алып, туруктуу өнүгүүгө өбөлгө боло турган чечимдерди кабыл алуу. Бул жерде соттор коомдогу кызыкчылыктардын тең салмактуулугун камсыз кылуучу күч болушу керек”, – деп сөзүн кошумчалады Алмазбек Кудайбергенов.
Эки күндүк форумга Кыргыз Республикасынын судьялары, эл аралык жана улуттук эксперттер, экологдор, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып, пленардык жана панелдик сессияларда кеңири талкуулар өткөрүлдү.
Форумдун жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
• эл аралык контекст жана экологиялык адилеттүүлүктүн концепциясы;
• жарандардын айлана-чөйрөгө байланыштуу маселелер боюнча сот адилеттигине жетүүсүн камсыз кылуу;
• климаттык адилеттүүлүк;
• пестициддердин таасири;
• пластикти колдонуу боюнча укуктук жөнгө салуу;
• экологиялык укук коргоочуларды коргоо маселелери.
Онлайн доклад менен Бельгия Конституциялык сотунун судьясы, Европа экологиялык форумунун төрагасы Люк Лаврисен чыгып сүйлөдү. Ошондой эле Осло университетинин укук профессору, Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Экологиялык укук боюнча дүйнөлүк комиссиясынын төрайымы Кристина Фойт жана БУУнун Орхус конвенциясы боюнча атайын баяндамачысы Мишель Форст мазмундуу докладдарын жасашты.
Форумдун жыйынтыгында төмөнкү сунуштар иштелип чыкты:
• айлана-чөйрөнү коргоого байланыштуу иштер боюнча соттук практиканы өркүндөтүү;
• экологиялык адилеттик чөйрөсүндө укуктук инфраструктураны өнүктүрүү;
• эл аралык стандарттарды улуттук системага интеграциялоо жана ведомстволор аралык кызматташууну чыңдоо.
Форум экологиялык адилеттикти өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды кабыл алуу жана катышуучулардын жалпы эстеликке кала турган сүрөткө түшүүсү менен жыйынтыкталды.