KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Эльмира Байтикова ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү менен жолукту

02 октября 2025

2025-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Жогорку Соттун судьясы Эльмира Байтикова ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (БДИПЧ) делегациясы менен жолугушту.


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүн-өзү таркатуусуна жана алдыдагы шайлоолорго байланыштуу өлкөдө БДИПЧтин муктаждыктарды баалоо боюнча Миссиясы иштеп жатат. Анын курамына Лусине Бадалян жана БДИПЧтин шайлоо маселелери боюнча улук кеңешчиси Елена Ковалева кирет. Миссиянын максаты – шайлоого чейинки жагдайды жана даярдык иш-чараларын баалоо жана талдоо болуп саналат.


Жолугушууга Бишкек шаарынын Административдик сотунун төрагасы Азис Эшалиев, ошондой эле аталган соттун судьялары Акылбек Досалиев жана Эрмек Иманалиев катышышты.


Жолугушууда тараптар шайлоого байланышкан талаш-тартыштар боюнча иштердин категорияларын, алардын кароо тартибин, даттануу жол-жоболорун жана мөөнөттөрүн талкуулашты.


Видео-блок

"Сотторго бааны эл берет!" М.Сатыев Талас областынын жергиликтүү сотторунун иши менен ...
НОМАД ТВ: Что нужно знать о разводе и алиментах в Кыргызстане
Көрсөткүчтөрү жакшы жана начар судьялар аталды. М.Сатыев иш сапары менен Ысык-Көл облус...
Жашыруун келишимдерге, коррупцияга орун жок. М.Сатыев иш сапары менен Нарын облусуна барды
УТРК Жалал-Абад: Соттор үчүн окутуулар улантылууда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...