Бишкек, 10.03.26 /Кабар/. 2025-жылдын ноябрь, декабрь айларында түрдүү категориядагы иштер боюнча сот отурумдарын видеого тартуу иши башталган. Атап айтканда, Жогорку сот тарабынан реалдуу соттук отурумдар пилоттук негизде ачык видео трансляциялоо аркылуу көрсөтүлө баштаган.
Жогорку соттун аппарат жетекчисинин орун басары Аман Жумалиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, учурда пилоттук долбоор аяктап, сот отурумдарын аралыктан көрсөтүү Жогорку сотто, Бишкек шаардык сотунда жана борбордогу райондук соттордо жүргүзүлүүдө.
“Жакын арада облустук соттордун залдары керектүү жабдуулар менен камсыздалып, андан кийин аймактардагы райондук соттордо да трансляциялар уюштурулат. Сот отурумдарын аралыктан көрсөтүү — соттук практиканы алыстан көрүүгө мүмкүнчүлүк берип, процесске катышуучулардын тартипке көңүл буруусуна өбөлгө түзөт жана бюрократияны азайтууга жана адилеттикке жетүүнү жеңилдетүүгө жардам берет”,- деди ал.
Ошондой эле ал кошумчалагандай, процессуалдык мыйзамдарга ылайык, соттук отурумдар катышуучулардын өтүнүчү боюнча же соттун өз демилгеси менен өткөрүлөт. Сот соттук отурумду телекөрсөтүү, радио жана (же) интернет аркылуу түз эфирде көрсөтүүгө уруксат бере алат.
«Бул чаралар сот ишинин ачыктыгын жогорулатууга, коомчулуктун сот системасына болгон ишенимин бекемдөөгө, соттун ишмердүүлүгүнүн ачык көрсөтүлүшүн камсыздоого жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууга багытталган”,-деди орун басар.

