KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нарын облусунун административдик соту “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолуна арналган иш-чара өткөрдү

28 октября 2025

Нарын облусунун административдик соту тарабынан Нарын шаарындагы К.Мамбеталиева атындагы Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейинде “Мамлекеттүүлүк, улуттук идеология жана укуктук аң-сезим” аталышында тегерек үстөл өткөрүлдү.


Иш-чараны Нарын облусунун административдик сотунун төрагасы Айбек Хусанов ачып, мамлекеттүүлүк, улуттук идеология жана укуктук аң-сезим жөнүндө кеңири баяндама жасады.


Ал өз сөзүндө мамлекеттүүлүктү сактап калууда жарандардын ролун баса белгилеп, “Биз тарыхка кайдыгер мамиле жасасак, мамлекеттин келечеги бүдөмүк болуп калат” деген пикирин айтты.


Ошондой эле, К.Мамбеталиева атындагы Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейинин кызматкери Гүлзат Акматалиева Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын ишке ашырылышы жана уңгужолдун мааниси боюнча слайд аркылуу маалымат берди.


Андан соң административдик соттун IT консультанты Тынчтык Молдакунов мамлекеттүлүктүн сакталышы, улуттук идеология жаатындагы түшүнүктөр боюнча талкууну алып барды.


Катышуучулар тарабынан укуктук аң-сезим, улуттук аң-сезимди калыптандыруу, алардын маани-маңызынын чечмелениши боюнча пикирлер айтылды.


Тегерек столго Нарын райондук сотунун кызматкерлери дагы катышып, өз ойлорун билдиришти.


Соңунда сот кызматкерлери музейге коюлган тарыхый эстеликтер жана табылгалар менен таанышып чыгышты.


 


Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Гульзада Турдалиева


Видео-блок

"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды
"Соттор эл аралык стандарттагы шартта иштеши керек!". М.Сатыев Жалал-Абад облусуна барды
Медербек Сатыев Чүй облусундагы сот имараттарынын курулуш иштери менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...