KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкекте БУУӨПтин 60 жылдыгына карата 60 түп бак отургузулду

20 октября 2025

18-октябрь күнү «Ак-Орго» сейил багында  Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьёванын жетекчилиги алдында уюмдун 60 жылдык мааракесине арналган дарак отургузуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Аппаратынын жетекчисинин орун басары Рашид Мусуралиев катышты.


Бул акция Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлүп, туруктуу жана экологиялык жактан таза келечекке болгон жалпы умтулуунун символу катары белгиленди.


Аземдин жүрүшүндө дүйнө жүзү боюнча БУУӨПтүн ишмердүүлүгүнүн ар бир жылы үчүн бирден болуп, 60 түп дарак отургузулду. Белгилүү болгондой, уюм Кыргыз Республикасы менен 33 жылдан бери тыгыз кызматташып, экологияны өнүктүрүү, адилеттик системасын чыңдоо, санариптештирүү жана социалдык жыргалчылыкты жакшыртуу багыттарында ар кандай программаларды колдоп келет.


Видео-блок

Аида Сейдакматова приняла участие в четвертом заседании председателей судебных советов ОТГ
Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...