Бүгүн «НОМАД» телеканалынын эфиринде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун төрагасынын орун басары Айбек Давлетовдун маеги көрсөтүлдү.
Маектин жүрүшүндө КМШнын Экономикалык сотунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, анын юрисдикциясы, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында келип чыккан талаш-тартыштарды кароо практикасы талкууланды.
Мындан тышкары, сотко келип түшкөн иштердин саны жана категориялары, ошондой эле кабыл алынган чечимдердин мааниси тууралуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Эске салсак, 2025-жылдын июнь айында КМШнын Экономикалык сотунун Пленумунун жыйынында Айбек Давлетов аталган сот органынын төрагасынын орун басары болуп шайланган.

