KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ак-Суу райондук сотунда соттук актылардын аткарылышы тууралуу тегерек стол уюштурулду

05 сентября 2025

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун төрагасы  Бакытбек Нурбаевдин демилгеси менен райондук соттун имаратында сот чечимдеринин аткарылышында орун алып жаткан кемчиликтерди жоюу жана өз ара кызматташууну жакшыртуу максатында тегерек стол уюштурулду.


Иш-чарага Ак-Суу райондук сотунун төрагасы Бакытбек Нурбаев, райондук прокурордун орун басары Айбек Аалиев, райондук соттун улук сот аткаруучусу Чыңгыз Асакеев, Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Денис Аманов, пробация кызматынын адиси Карылгач Иэтпекова жана райондук салык кызматынын юристи Аида Жумадилова, райондук соттун бөлүм башчысы Аида Баймырзаева жана улук катчысы Жаркын Кыдыкмановалар  катышты.


Төрага Бакытбек Нурбаев жыйындын негизги максаты – күчүнө кирген соттук актылардын сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарылышын камсыздоо экенин белгиледи.


Тегерек столдун алкагында аткаруу мөөнөттөрүнө байланыштуу маселелер, укук бузуулар жана кылмыш иштерине карата айып пулдардын өндүрүлүшү, жарандык иштер боюнча мамлекеттик алымдардын төлөнүшү, ошондой эле сот тарабынан аткарууга жөнөтүлгөн аткаруу барактарынын абалы жана алар боюнча сотко маалымат берүү тартиби тууралуу кеңири талкуу жүрдү. Катышуучулар тарабынан бир катар көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, суроо-жооп форматында пикир алмашуу болду.


Мындан сырткары, прокуратура, ички иштер бөлүмү, салык кызматы жана сот аткаруучулар тарабынан соттук актылардын аткарылышындагы көйгөйлөрдү жоюу боюнча биргелешкен аракеттер көрүлөөрү белгиленди.


Жыйын соңунда төрага Бакытбек Нурбаев катышуучуларга ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп турарын билдирди.


 


  Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы   А.А.Абдымаликова


 


 


Видео-блок

Калыс сот – элдин тиреги | Ысык-Көл облусу
Жогорку сот менен «Түндүк» санариптик өнүгүү маселесин карашты
Медербек Сатыев Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Автоматизированная информационная система "Суд 3.0": цифровое будущее правосудия
Автоматташтырылган маалыматтык система «Сот 3.0»: сот адилеттигинин санариптик келечеги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...