KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Аксакалдар сотторуна методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүлдү

23 марта 2026

Нарын облустук сотунда Аксакалдар сотунун өкүлдөрүнө методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү максатында тегерек стол  өткөрүлдү.


Иш чаранын жүрүшүндө Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Шарипбек Жунусов жарандардын укуктарын коргоп, коомдук тартипти сактоодо жана чыр-чатактарды алдын алууда аксакалдар сотторунун мааниси чоң экендигин баса белгиледи.


Нарын шаардык сотунун төрагасы Сотибек Осмонов 2024-жылдын 19-февралындагы Аксакалдар соттору жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча баяндама жасап, мыйзамга түшүндүрмө берди.


С.Осмоновдун пикиринде: “Мыйзамга ылайык, Аксакалдар соттору өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Кыргызстан калкынын тарыхый калыптанган салттарынан жана үрп-адаттарынан келип чыккан моралдын жана адеп-ахлактын ченемдерин жетекчиликке алат”.


Нарын шаардык Аксакалдар сотунун төрайымы Гүлбүбү Байбугуева Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана көйгөйлөрү жөнүндө маалыматы менен бөлүштү.


Аксакалдар соту кылмыштарды алдын алуу максатында коомдук жыйындарда, окуу жайларында жаштарга, кыз-келиндерге, окуучуларга, студенттерге зордук-зомбулуктун алдын алуу, балдар иштери ж.б. тартиптин, мыйзамдын сакталышы жаатында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келишүүдө.


Нарын шаардык мэриясынын юристи Мээрим Таалайбекова билдиргендей, 2025-жылы Аксакалдар сотунун курамы Нарын шаардык мэриясы тарабынан бекитилген. Учурда бул курамда эл оозуна алынган, оозунда сөзү бар, кадыр-барктуу жарандар иш жүргүзүшүүдө.


 


Видео-блок

Бишкек шаардык сотунда Абдыкасым Супатаевдин мемориалдык бюсту ачылды
Почему имя Супатаева стало символом изменений в судебной системе Кыргызстана?
М. Сатыев Бишкектин соттору менен жолугушту
М. Сатыев Чүй облусунун соттору менен жолугушту
Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...