KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Аксы райондук соту тарабынан жергиликтүү мекеме-ишканалар арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

20 марта 2024

Аксы райондук сотунун демилгеси менен райондогу мекеме-ишканалар арасындагы байланышты бекемдөө, ден соолукту чыңдоо, спортко болгон кызыгууларын арттыруу, ынтымак, достукту бекемдөө максатында кызматкерлер арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш болуп өттү.


Волейбол мелдешине жергиликтүү сегиз мекеме-ишканалардан түзүлгөн командалар катышышты.


Ар бир команда өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүшүп, турнир башынан аягына чейин өтө курч атаандаштыкта жана  кызыктуу өттү.  Жыйынтыгында мыкты деп табылган 3 командага кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.


Биринчи орунду жана турнирдин кубогу менен Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери сыйланышса, экинчи орунду Аксы райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери алышты. Ал эми үчүнчү орунга Аксы райондук сотунун командасы татыктуу болду.


Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “Мыкты коргоочу”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу”, номинациялар боюнча да татыктуулар аныкталып, грамоталар менен сыйланышты.


 


 


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов


Видео-блок

НОМАД ТВ: Верховный суд внедряет цифровое правосудие с трансляциями заседаний
Сот отурумдары онлайн форматта түз көрсөтүлүүдө
Медербек Сатыев ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен жолугушту
Бишкек шаардык сотунда Абдыкасым Супатаевдин мемориалдык бюсту ачылды
Почему имя Супатаева стало символом изменений в судебной системе Кыргызстана?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...