KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Аксы райондук сотунда мектеп окуучуларына “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү

30 декабря 2024

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук соту Кербен шаарындагы Ж.Мавлянов атындагы №14 жатак лицей мектебинин 11-классынын окуучулары үчүн “Ачык эшик” күнүн өткөрдү.


Төрага Азат Доулбеков жана судьялар мектеп окуучуларына Аксы райондук сотунун имараты, сот залы менен тааныштырып, аларга сот системасы тууралуу, бүгүнкү күндө өлкөбүздө жүрүп жаткан сот-укуктук реформалар жана коррупциялык иштерге жол бербөө максатында иш чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы, сот залындагы аудио жана видео жаздыруу системасынын иштөөсү, сот отурумунун жүрүшү боюнча маалымат беришти.


Мектеп окуучулары жашы жете элек балдар тарабынан жасалган кылмыштардын жоопкерчилиги, иштерди кароо мөөнөттөрү, судьялык кызматка дайындалуу тартиби жана башка бир катар суроолорду беришип, аларга кеңири жоопторун алышты.


Иш чаранын соңунда төрага Азат Доулбеков мектеп бүтүрүүчүлөрүнө туура кесип тандоо зарылдыгын, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында окуучуларга кылмыштын жоопкерчилиги жана алардын келечегине терс таасирин тийгизе тургандыгын айтып, окууларына ийгиликтерди каалады.


 


Жалал-Абад  облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов


Видео-блок

"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды
"Соттор эл аралык стандарттагы шартта иштеши керек!". М.Сатыев Жалал-Абад облусуна барды
Медербек Сатыев Чүй облусундагы сот имараттарынын курулуш иштери менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...