KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Аксы райондук соту аксакалдар сотторуна усулдук жардам көрсөттү

19 июня 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 19-июнунда, Аксы райондук сотунда мыйзамдарды колдонуу боюнча аксакалдар сотторуна усулдук жардам көрсөтүүгө багытталган  кеңешме болуп өттү.


Иш-чараны Аксы райондук сотунун төрагасы Азат Доулбеков ачты. Жыйынга аксакалдар сотторунун төрагалары жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү катышышты.


Кеңешменин жүрүшүндө Аксы райондук сотунун судьясы Тариел Акылбеков катышуучуларды 2024-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” жаңы Мыйзамынын негизги жоболору менен тааныштырды.


Катышуучулар аксакалдар сотторунун укуктары жана милдеттери, алардын түзүлүшү жана ишин уюштуруу тартиби, иштерди кароо, чечим кабыл алуу жана анын аткарылышы, ошондой эле аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселелерин талкуулашты.


Иш-чаранын алкагында судьялар практикалык кеңештер менен бөлүшүп, конкреттүү мисалдар аркылуу мыйзамдар боюнча катышуучуларга кеңири түшүндүрмөлөрдү беришти.


Кеңешменин соңунда катышуучулар көрсөтүлгөн усулдук жардамдын алар үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеп, Аксы райондук сотуна ыраазычылык билдиришти жана мындай жыйындарды үзгүлтүксүз өткөрүп турууну сунушташты.


Видео-блок

М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации
Ала-Тоо 24: Сотторду тандоо жаатында кандай өзгөрүүлөр болду? Судьялар кеңешинин төрайы...
5-март — Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы
УТРК ЧҮЙ: СОТ ТУТУМДАРЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...