KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Алимент кандай учурда чектелет?

31 октября 2022

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусу боюнча 9 айдын ичинде1100 жаран алимент алууга арыз тапшырып соттук буйрук чыккан болсо, 148 алимент төлөөчү тарап арызданып кайрадан иши каралып чыккан. Алимент алуу үчүн расмий никесинин катталуусу (ЗАГС кагаздын болуусу) маанилүү эмес. Ал гана эмес жубайлар ажырашпай туруп деле алимент өндүрө алат. Алимент төлөө ата-эненин баланын алдындагы арзыбаган эле жоопкерчилиги. Алиментти өндүрбөй калтырып коюу, же убактысын өткөрө берүү туура эмес. Ар бир ата-эне балдары үчүн материалдык камсыздоого милдеттүү экенин сезип, жоопкерчиликти мойнуна алуусу керек экендигин баса белгилейт  Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу


 



  • Алимент деген эмне?


 



  • Алимент бул каржылык жактан муктаж болгон үй бүлө мүчөсүн каражат менен камсыз кылуу укугу. Башкача айтканда 18 жашка чыга элек балдарды, жубайлардын биринин, же ата-энесин багуу үчүн берилген материалдык жардам. Көпчүлүк учурда алимент дегенде ата-эненин балага төлөгөн каражатын айтышат. Бирок мыйзамда ата-эне карып, эмгекке жарамдуу болбой калган кезинде баласы таштап кетсе же каржы жагынан көмөк көрсөтпөсө балдарына карата алимент өндүрүү жагы да бар. Бирок мындай учур дээрлик аз кездешет. Алиментти төлөнүн жолдору: алимент төлөөчүнүн болгон кирешесинин өлчөмүнөн алынуучу алимент, же эки тарап өз ара макулдашып, алименттин өлчөмүн аныктап алса болот. КРнын Үйбүлө кодексинде жашы жете электерге карата алименттин өлчөмү аныкталган. Ал жерде көрсөтүлгөндөй кирешенин төрттөн бир бөлүгү бир балага, эки балага үчтөн бир өлчөмү, үч же андан ашык балага тапкан кирешесинин жарымы төлөнсүн деп көрсөтүлгөн.


 



  • Алиментти кимдер төлөйт?


 



  • Көп учурда алиментти атасы төлөйт деген түшүнүк бизде калыптанып калган. Анткени бала эненин колунда калган учурлар көп катталат. Мыйзамда ата-эненин балдарга карата төлөнүүчү каражаты болуп эсептелинет. Демек эки тарап тең бирдей укукка жана милдеттерге ээ. Балдар атанын колунда тарбияланып жаткан болсо, демек эне балдарга алимент төлөөгө милдеттүү болот.


 



  • Алимент алуу үчүн эмне кылуу керек?


 



  • Мындай учурда жубайлар өз ара деле макулдашып алса болот, же болбосо соттук тартипте өндүрсө болот. Бул учурда алимент өндүрүүчү тарап арыз менен кайрылат.Соттун буйругу чыгып, анын негизинде сот аткаруучулар алимент өндүрө берсе болот. Арыз берилген учурда баланын атасы же апасы экендигин далилдөөчү документтер наториалдык күбөлөндүрүлгөн (туулгандыгы тууралуу күбөлүк), никелешүү жөнүндө күбөлүк (ЗАГС), арыз берүүчүнүн паспорт көчүрмөсү, жашаган жерден тактама, үйбүлөөлүк дарыгерден баланын клиникалык тирүү жана ден соолугу чың деген тактама кошо тиркелет. Бул учурда кошумча териштирүү жүргүзүлбөстөн баланын кызыкчылыгын көздөп он күндүн ичинде соттук буйрук чыгарылат. Эгерде сотко кайрылганга чейин багууга каражат табуу чаралары көрүлгөнүнө карабастан, алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам аны төлөп берүүдөн баш тартканынан улам алимент алынбай калгандыгы сот тарабынан аныкталса, сотко кайрылган учурдан тартып үч жылдык мөөнөттүн аралыгындагы өтүп кеткен мурдагы алимент төлөтүп алынышы мүмкүн.Бул үчүн арыз берген тарап чынында баласын ушул күнгө чейин бакпай жаткандыгына керектүү далилдерди келтирип берүүсү керек болот. Алимент төлөөчү тарап соттун буйругуна макул болбосо, белгиленген мөөнөттө карызкордон каршы пикир берет,мындай учурда соттук буйрук жокко чыгарылат. Кээ бир учурларда алиментти 18 жаштан кийин да алууга болот. Эгерде бала бойго жетип, билим берүү уюмдарында күндүзгү формада акы төлөөнүн негизинде окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы жардамга муктаж болгон балдарына алимент төлөө мүмкүнчүлүгү каралаган.


  • Алимент алуу үчүн ЗАГС кагазынын болуусу маанилүүбү?

  • Алимент алуучу баланын атасы же апасы экендигин далилдеген документтери бар болгон болсо, буга чейинки жубайлардын никеси мамлекеттик каттоодон өтүүсүнө көз карандысыз эле алимент өндүрүлөт. Ал эле эмес жубайлар ажырашпай туруп эле балдарынын жоопкерчилигинен качкан тарапка (атасы же апасы) алимент өндүртсө болот.


 



  • Алимент төлөөдөн баш тарткан учурда кандай чара көрүлөт?


 



  • Бул эң эле олуттуу маселе бойдон калууда. Көпчүлүк жарандар мигрант болуп ар өлкөдө эмгектенишет. Бул учурда аларды өндүртүү кыйын болот. Алиментти өндүрүүнүн бир катар жолдору бар. Сот аткаруучу алимент төлөбөй аткан адамга өз ыктыяры менен төлөөнү сунуш кылат. Анда дагы төлөбөсө сот аткаруучу мыйзамда көрсөтүлгөн башка чараларды колдонот, мисалы: аткарууну камсыз кылуу чет өлкөгө чыгууга чектөө коёт, банк эсептерин камак салат, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрүн камакка коет, мындан дагы натыйжа чыкпаса, сот аткаруучу соттун чечимин аткарбагандыгы тууралу укук коргоо органдарына сотко чейинки өндүрүштү баштоо максаты менен кайрылат. Мындан тышкары алимент төлөөдөн кыянаттык менен качкан ата эне аталык же энелик укуктан ажыратып койсо болот. Ошондой эле мыйзам боюнча Ата-энелик укуктардан ажыратуу ата-энени өз баласына каралашуу милдетинен бошотпойт. Тескерисинче баласынан каражат алуу укугун, ошондой эле балдары бар жарандар үчүн белгиленген жеңилдиктерди жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу укуктарын да жоготот. 


 



  • Төрөлө элек балага алимент өндүрүүгө болобу?


Төрөлө элек балага алимент өндүрүүгө болбойт. Бала төрөлгөндөн кийин, күбөлүгүндө атасы жазылып турса сот аркылуу алимент өндүрүүгө болот.

Эгер силер жарандык никеде жашап, биологиялык атасы баланын атасы экенин мойнуна албаса, бала төрөлгөндөн кийин аталыгын сот аркылуу аныктап, анан алимент өндүрүү керек.


Эгерде жубайлардын расмий никеси бар болсо, аял боюнда бар кезинде жана баласы 3 жашка чыкканча баланы боюнда көтөргөнү жана бакканы үчүн баланын атасынан өзүнө алимент өндүрүүгө болот. Ошол эле учурда балага өзүнчө алимент өндүрүлөт.


 


“Акыйкат” гезити


Видео-блок

Аида Сейдакматова приняла участие в четвертом заседании председателей судебных советов ОТГ
Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...