KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Алмаз Калыбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайланды

24 июня 2026

2026-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна сунушталган Калыбаев Алмаз Жээнкуловичтин талапкерлиги каралды.


Талапкер тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев маалымат берип, Алмаз Калыбаевдин сот системасында көп жылдык тажрыйбасы бар экенин, акыркы жылдары Жайыл райондук сотунун судьясы болуп үзүрлүү эмгектенип келгенин белгиледи.


Талкуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Алмаз Калыбаевдин талапкерлигин колдоп, аны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматына шайлашты.


Видео-блок

Алмаз Калыбаев Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Алмаз Калыбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайланды
УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...